Күмөндөр Абылов Чубак ажыны сындап катуу талкууга алынды

Куудул жана актер Күмөндөр Абылов Чубак ажыга сын айтып Facebook баракчасына пост жазган.

Ал кыргыз эли байыртадан эле ислам диин кармап келгендиги чындык экенин, бирок ошентсе дагы ал убакта алар, канчалык чын дилинен мусулман болушса да, молдолордун  билими аз, элдин шариаттан азыркыдай маалыматы жок болгон деген:

— Чубак ажычылап, ал кезде, кыргыздын каада-салтына, кийимине, ырым-жырымдары: «Тушоо-кесүү», «Келинди отко киргизүү», мазарга сыйынуу, арбакка сыйынуу, өлгөн адамга өкүрүп келүү, шам жагууларга эч ким тыйуу салчу эмес да  Андан да, кыз баланы тогуз жашында күйөөгө берсе болоорун, төрт аял алса болоорун, аялың жакпаса талак айтып, кайын эжеңе, же балдызыңа, же кайненеңе үйлөнүп алсаң болоорун, жети атага чейин эле бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнсө болоорун эч ким үгүттөгөн эмес да? Улуттук кийимиңди селдеге, дамбалга, аялдардын көнөгүнө эч ким алмаштырган эмес да? Же мен калп айтып жатамынбы? Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак! Ушул айткандардын баары кийинки эле он жылга жетпеген убакта чыкпадыбы? Мурда качан ушинтип, бири-бирибизге каршы чыкчу элек? Байлыкка жетпесек да, жакшы эле жашап жатпадык беле? 
«Кыргыз бойдон эле калалы, канга сиңип калган жакшы салттарыбызды унутпайлы, тилибизди бузбайлы, өзүбүздү өзүбүз чанбайлы» — дегендин эмнеси жаман? Анын кандай элди бузгандыгы бар? Ага эле эмне анча куйкаңар курушуп, тытынып, каргап-шилеп жатасыңар, туугандар? Же сийдик ичип жаткан кишини биз да мактап, баарыбыз анын артынан сийдик ичелиби?
Койгулачы туугандар? Ар нерсенин да чеги болот да.

Чубак ажы айткандай, кыргыздын тилине караганда араптын тили он эсе Кудайга жеткиликтүү болсо, анда, мурун эле араптардын жери биздин жерден он эсе жап-жашыл болуп гүлдөп, байкуш биздин жерибиз, какыраган чөл болот эле го? Анын бетин ары кылсын!
Дагы бир маселе: Эгерде, Чубак ажы айткандай, «Тушоо кесүү» кечирилгиз күнөө болсо, эмдигиче кыргыз тукум-курут болуп, жер үстүнөн эчак жоголбойт белек? Балким убагында Чубактын тушоосу кесилбей калгандыр? Болбосо: «Мен кыргызмын» — дегендердин тушоосу кесилип эле келе жатпайбы? Баарыбыз эле тушоо тойлордо жарышып чуркап, баарыбыздын эле тушообуз кесилбеди беле? Тушоо кеүүнүн эмнеси жаман? «Баланын турмуш жолу түз болсун, аша баспасын, ката баспасын, жаза баспасын, кем баспасын, тең бассын, так бассын, нак бассын, ак бассын!» — деп, бутун ак жип менен кара жипти айкалыштыра тушап, «Турмуш жолу түз болсун, шыдыр болсун!» — деп, баланы ак жолго багыштап, ак жолго багыттап, элден бата алып тушоосун кескендин эмнеси күнөө экен? Анан ушу сыяктуу канга сиңип калган каада-салтыбыздын баарын: «Күнөө, ширик» — деп, жокко чыгарып, тыйуу салган туурабы?
«Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» — дегендей, аягына жете окуп түшүнбөй эле, ажылдаган туура эмес да?

Күмөндөр Абыловдун бул жазуусу катуу сынга кабыл алынып бир нече миңдеген комментарийлерди чогултту. Соцтармак колдонуучулардын арасынан болсо артистти колдогондор дагы, сындагандар дагы болууда.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу