Күмөндөр Абылов бизнесмен-саясатчыны эмнеге колдоду?

Кыргызстандагы белгилүү куудул, КРнын эл артисти Күмөндөр Абылов кечээ жакында белгилүү коомдук ишмер, саясатчы, бизнесменди колдоп фейсбук баракчасына пост жазды.

Куудул, артист эмнеге ал саясатчыны колдоду, балким жердеши үчүнбү,же чындыкты, калыс сөзүмдү жазайын дедиби, айтор ал төмөндөгүдөй пикир калтырды:

“Мындай жерде бирөнү мактап, бирөнү жактап же, бирөөнү жамандаганды жактырбайм. Себеби: Эл баарын көрүп турат. Ошентсе да, белгилүү бир сайтта: «Байлыгы бар, баркы жок Салымбеков» — деген тема менен оркойгон каралоону жазганын көрүп туруп, оюмду айтпай коё алган жокмун. Биринчиден автор, Салымбековдун байлыгы да бар, баркы да бар экенин билип койгонуң оң!… Экинчиден туура ой жүгүрткөн кишиге баары бештен белгилүү. Башканы кой, бир эле «Дордой» менен бири сатса, бири сатып алып, өкмөттүн колун карабай, канча киши үй-бүлөөсүн багып, мамлекетке салыгын төгүп жатат?… Кыргыздын улуттук оюну «Көк бөрү» оюнун азыркы деңгээлге келишине кандай салым кошкондугу, футболдун бүткүл дүйнө тааныган азыркы абалына келишине Салымбеков Салымбеков болуп элге тааныла электен бери, азыркыга чейин канча эмгек кылгандыгын, ушул макаланын автору эмне үчүн билгиси келбейт?
Ал эми Нарындын жолун эмне үчүн Салымбеков салышы керек? Мен ушуга таң калам!… Транспорт, жол министрлиги жолго деген акчанын баарын жеп-жутуп турсун, анын ордуна губернатор жол салсынбы? Мына кызык!… Ансыз да жалаң депутат болом, министр болом дегендер, айылдарды асвальттатып, таш төктүрүп жатып элди жаман үйрөтүштү. А транспорт жол министри ошонун баарын өзү салдырып, таш төктүрүп койгонсуп, кайра ошол иштерди бүтүргөн адамдарга керсейип, алардан кыйынсынып жүрүшөт. Ушул туурабы?… Айлаң кеткенде күлөсүң…
Эң башкысы, Аскар Салымбеков азыркы байлыгын эч качан башкаларга окшоп, «Менчиктештирүүдө» ар кандай завод, фабрикаларды, мамлекеттик маанилүү объектерди менчигине басып алып түптөгөн эмес. Элдин баары билет. Ээн жаткан саздак жерди базар кылып, байлыгын нөлдөн баштап түптөгөн. Таман акы, маңдай тери менен түптөгөн!… Мындай адамдар бизде саналуу гана экендиги, эч кимге жашыруун эмес!…”- деп аяктады.

Куудулдун бул жазганына айрымдары туура жаздыңыз, өзүбүз ошол Салымбековдой болуп алалычы дешсе, айрымдары туура эмес деген сыяктуу пикирлерди кошту.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу