Күйөөңүздү миллионер кылуу сиздин колуңузда

Ири корпорациянын президенти жубайы менен өзүнүн кымбат машинасында бара жатып көчө шыпырып жүргөн адамды көрөт. Ал аялынын студент кездеги жигити эле. Күйөөсү: — Көрдүңбү, тигиниңе турмушка чыкканыңда азыр көчө шыпыргычтын аялы болмоксуң. Анда аялы жылмайып: — Жок, жаным, ошондо деле корпорациянын президентинин жубайы болмокмун. Болгону президент ал болмок,-деген экен. Чындыгында эле күйөөңүздүн жашоодо жетишкен ийгиликтери көп учурда сизден көз каранды болот. “Эркекти эр кылган да аял, кара жер кылган да аял” деген сөз жөн жеринен айтылган эмес. Андыктан жан шеригиңиздин ийгиликтүү мырза болушун кааласаңыз, төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз.

1. Оюңузду оңдоңуз

Бардыгы ойлонгон оюбуздан башталат. Анын баары келечекте иш жүзүнө ашарына ишенип коюңуз. Күнүнө жок дегенде 5 мүнөттөн келечекте эмне кааларыңыз тууралуу кыялданыңыз. Бирок ал кыялыңыз так, даана, позитивдүү болууга тийиш. Мисалы, жолдошуңуз эмне иш менен алектениши керек, каерде, кандай үйдө жашашыңыздар керек, кандай машина менен жүрөсүздөр… Эгер так болбосо, күндөн-күнгө оюңуздун үстүндө иштеп отуруңуз. Ошентип сиз келечектеги жолдошуңуздун образын кыялыңызда жаратып, андагы жашооңуз менен жашап каласыз. А бул эртеби, кечпи, сөзсүз иш жүзүнө ашат.

2. Кыялыңызды каалоого айлантыңыз

Аялда кандайдыр бир каалоо болууга тийиш. Эми кыялыңыз менен жашап жүрө бербей, бул тууралуу көбүрөөк айта баштаңыз. Анткени жашоодо сиз каалаган нерселер тууралуу жолдошуңуз да ойлоно баштайт. Ал эми аялда эч кандай каалоо жок болсо, эркек бир нерсеге жетүү үчүн аракет кылбайт, активдүү болбойт.

3. Аял кишинин пландоосу маанилүү

Эркек киши тигил же бул нерсени үстүртөн пландаштырат. Ал эми аял кишинин пландоосу – түстүү, так, иш жүзүнө эми эле ашып калгандай элестүү болот. Башкача айтканда, ал бардыгын ички дүйнөсү аркылуу сезип, ошол жашоодо жашап жаткандай сезет. Бул жердеги эң маанилүү нерсе – планыңыздагы ошол ийгиликтерде экөөңүздөр чогуу болушуңуздар керек. Аял күйөөсү үчүн жетиштүү жашоонун планын түзүп жатабы, демек, өзү үчүн.

4. Шык берип туруңуз

Эсиңизде болсун, сиздин негизги милдетиңиз – күйөөңүзгө ыраазы болуп, шык берип, аны сыйлоо. Сиз анын мыкты экенин канчалык көп айткан сайын өнүгүүгө, бир ишти жасоого болгон жөндөмү ошончолук жанданат. Андыктан “сен күчтүүсүң, сен муну жасай аласың, мен сага ишенем” деген сөздөрдү айтуудан аянбаңыз. Мындай ыкма менен аял күйөөсүнө чындыгында шык берип, эрдик жасоосуна түрткү болот. Анткени эркек сүйүктүүсүнүн ишеничин актоо үчүн болгон дараметин, аракетин пайдаланып кылган ишинен жыйынтык чыгарат.

5. Акылман аял болуңуз

Акылман аялдар күйөөсүнө өзүн абалдын кожоюну катары сезүүсүнө шарт түзүп беришет. Күйөөңүзгө өзү чечим чыгарышына мүмкүнчүлүк бериңиз. Сиз болсо жумшак түрдө гана: “Балким мындай кыларбыз, сен кандай ойлойсуң?” -деп оюңузду ортого салып туруңуз. Ал эми кимдики туура, кимдики туура эмес экенин тактоо үчүн жаралган талаш-тартыштан кийин эркектин ал ишти жасоого болгон каалоосу жоголуп кетет да, баарын таштап салат.

6. Күйөөңүзгө ишениңиз

Ишеним –биринчи эреже. Сиз жолдошуңузга чын жүрөгүңүз менен ишенишиңиз керек. Ошондо сиздеги энергетика эркекке өтүп ал өзүн күчтүү, ишенимдүү сезип, мурункудан да катуу иштегенге өтөт. Буга белгилүү америкалык инженер Генри Форддун окуясы мисал. Бир кездеги жөнөкөй механик кыймылдаткычтын жаңы түрүн ойлоп табууну чечкенде анын акылга сыйбас идеясы үчүн баары шылдыңдашкан. Жубайы гана түнү менен иштеген күйөөсүнө керосин чыракты кармап берип жанында жүргөн. Арадан бир нече жыл убакыт өткөн соң айылда аты жок өзү жүргөн төрт дөңгөлөктүү араба же алгачкы унаа пайда болот. Кийин Форддон журналист: “Эгерде кайрадан жашоого мүмкүнчүлүк берилсе ким болмоксуз?” -деп сураганда, Форд ойлонбой туруп: “Ким болсом да жанымда аялым болсо болду”,-деп жооп берген.

7. Сарамжалдуу болуңуз

Бай адамдардын акылдуу аялдары күйөөсү тапкан акчанын баркын билет, ошон үчүн болбогон нерселерге коротпойт. Ошол эле учурда “биз арзан буюм сатып алгыдай анчалык бай эмеспиз” деген принципти колдонушат. Акылдуу аял соода кылганды билет. Ал үчүн биринчи кезекте товардын сапаты маанилүү. Акчаны сүйүү керек, ага майда-чүйдө керексиз нерселерди эмес, татыктуу гана буюмдарды сатып алуу зарыл.

Булак: Lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу