«Күйөөсү Орусияда башка менен жашап жатканын уккан кызым аны издеп келем деп чыгып дайынсыз болууда» дейт атасы

Майлуу-Суу шаарынын тургуну 21 жаштагы Сирена Алтынбекова 24-июнь күнү чыгып кеткенбоюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге атасы Алтынбек Орозов билдирди. Ал кызы мурда турмушка чыгып ажырашып кеткенин айтты. Анын билдиришинче, кызы күйөөсү Орусияда башка бирөө менен жашап жатканын угуп, аны издөө үчүн чыгып кеткен.

«Кызым мурда психикалык жактан ооруган. Үйдөн чыгып кетердин алдында да оорусу козголуп жүргөн. Кызым күйөөсүн аябай жакшы көрчү, Орусияда башка менен жашап алды деп угуп ошондон да оорусу козголду окшойт. Акыркы жолу аны жолдо унаа тосуп турган жеринен көрүшкөн. Ошол боюнча дайыны жок», — дейт ал.

Ал Сиренаны издебеген жерлери калбагандыгын, бирок ал да жардам бербей жатканын айтат.

«Адамдар «сиздин кызыңызды Токтогулдан көрдүк» деп айтышканынан издеп барсак башка кыз экен. Жакында Аксы жактан да менин кызыма окшош кызды таксисттер көрүптүр барып таппай келдик. Кокус көргөн билгендер чыгып калабы деп Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын көчөлөрүнө сүрөттөрүн илип чыктык, бирок кабар жок. Айлабыз түгөнүп төлгөчүлөргө да кайрылдык. Алар 3-4 күндүн ичинде келип калат дешти», — деди Алтынбек Орозов.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова милиция тарабынан издөө иштери жүрүп жатканын айтат. Ал Сирена Алтынбекованын жүргөн жерин көрүп билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү телефон номерлерине билдирип коюулары керектигин айтат.

Байланыш телефондору: (03744) 5 06 33; 0558 33-00-01; 0773 84-43-00.

 

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу