Күйөөсү кызыл камчы атактуулар

Кыйноо, азап, кордук — адамдын беделине карабайт. Буга жакында эле болгон казак продюсери Баян Эсентаеванын окуясы далил. Бирок, мындай көрүнүшкө кабылган атактуу айымдар четтен саналат. Биздин атактуу айымдардан деле кордук көрүп, ага чыдап жашап жүргөндөр жок эмес. Балким, “Чыдасаң жеңесиң”, — деген кептин төркүнү да ошол жакта жатпасын… Төмөндө, сүйүктүүсүнүн кордугуна кабылып, аз жерден өлүмдөн калган ааламдагы атактуу айымдардын жашоосуна назар салыңыз.

«Мени сабап жатканда, балдарым коркконунан ыйлаар эле…»

10 жыл… Ооба, «сүйөм-күйөм» деген күйөөсүнүн кордугуна орусиялык ырчы Валерия туура 10 жыл чыдап жашаган. Бул жылдар аралыгында ырчынын көзүнөн көк кеткен эмес. Музыкалык продюсер Александр Шульгинге ал 1993-жылы баш кошуп, 3 бала төрөп берген. Сырттан караган адамга идеалдуу көрүнгөн бул үй-бүлөнүн эшик артындагы жашоосу тозоктой эле. Валерия Шульгинден корккондугунан эч бир жанга анын кордугу тууралуу ооз ачкан эмес. Арадан көп жылдар өткөн соң гана, Валерия бул тууралуу: «Мени сабап жатканда балдарым корккондорунан ызылдап ыйлаар эле. А мен аларды коркутуп албоо үчүн жаным ооруп турса да, ыйымды ичиме сактап, көз жашымды жутуп отура берчүмүн», — деп айтканы бар.
Шульгин балдарына кол көтөрө баштаганда Валерия жолдошунан качып кетүүгө аргасыз болгон. 2002-жылы экөө расмий түрдө ажырашкан. Арадан көп өтпөй Валерия продюсер Иосиф Пригожин менен таанышат. Ал адам алгач продюсери кийин жолдошуна айланган соң гана кенен дем алып коркпой жашап баштайт. Валерия Шульгин менен жашаган азаптуу өмүрүн китеп кылып жазып, андан соң, «Была любовь» аталышындагы тасма тарткан.

Байлап алып сабаган күйөөсүн сүйгөн Мадонна

Ааламга атактуу Мадонна да күйөөсүнөн кордук көргөн атактуу айымдардын катарын толуктайт. Ал жолдошу Шонн Пенн менен 1985-жылы Малибуда баш кошкон. Мадоннанын сүйүктүүсү Пенн бала кезинен психикалык жактан жабыркап, жини бат келип, ачуусу келгенде өзүн кармана албай калган илдети болгон. Сүйүүнүн көзү сокур демекчи, миллиондогон мырзалардын көзүнөн учкан Мадонна дал ушул «шок» жигитти сүйүп калган. Шонн алдынан чыккан адам менен мушташа берчү. Баары менен мушташып бүткөн соң аялына кол көтөрчү. Мунун баары кызганычтын айынан болчу. Бул тууралуу Мадоннанын минтип айтканы бар: «Ал ушунчалык кызганчаак эле, менин жанымды ооруткандан ырахат алчу. А мен аны кызгандырганды жакшы көрчүмүн».
1987-жылы Мадоннаны күйөөсү таанылгыс кылып сабап салып Беверли Хиллз штатындагы жеке клиникага медициналык жардам сурап кайрылган. Бул окуядан соң Мадонна жолдошунан кетүүгө аргасыз болгон бирок расмий түрдө ажырашкан эмес. Арадан 2 жыл өткөн соң Шонн мас абалында Мадоннанын үйүнө келип, эшикти бузуп кирип аны айоосуз сабап туруп, бир нече саат бою зордуктаган. Качан гана ал уктап калганда Мадонна бошонуп чыгып полицияга кабар берген. Шонн темир тор артына кеткен бирок, арадан бир жума убакыттан кийин Мадонна арызын кайра алып, аны бошотуп жиберет. Алар ажырашкандан соң бири-бирин сүйөөрүн көпкө чейин айтып жүрүшкөн.

Өзгөгө күйөө тандаган Сябитова өзүнө күйөө тандай алган эмес

Орусиянын 1-каналындагы «Давай поженимся» «берүүсүндөгү «сваха» Роза Сябитованын айткан сөздөрүн уккан адам күйөө тандоодо алдына киши салбайт деп ойлошот. Башкаларга чекесинен чертип күйөө тандаган Роза өзүнө келгенде тандай албай калган. Ал күйөөсү Юрий Андреев менен 2008-жылы өзү алып барган телеберүүдө таанышып ошол эле жылы баш кошушкан. Профессионалдуу «свахага» бою 2 метр келген өзүнөн 10 жаш кичүү боксер күйөө туш келген. Турмушка жаңы чыккан жылдары ал: «Юрий менен гана чыныгы аялдык бакыт эмне экенин түшүндүм», — деп айтканы бар. Бирок бул бакыт көпкө узаган эмес. 2 жыл чогуу жашаган аралыкта сүйүктүүсү ага кол көтөрүп, айласын алты кетирген. Бул нерсенин аягы үй-бүлөлүк чыр менен аяктап Юрий жубайын таанылгыс кылып сабап, тиштерин күбүп салган. Ал эми камераны жакшы көргөн Сябитова бул тууралуу түз эфирден айтып берген. Күйөөсү андан кечирип коюшун суранган, бирок кечире албайм деген Роза ажырашууну да эфир аркылуу ишке ашырып, алар «Давай поженимся» берүүсүнөн ажырашышкан. Учурда Роза кайрадан аталган телеберүүнүн бойдоктор тизмесинде турат.

Өзүн тепсенди сезген Жасмин

2006-жылдын июнь айында ырчы Жасмин мурду сынып, баш сөөгүнөн катуу жаракат алып, бети-башы көгала абалында ооруканага түшкөн. Ырчы дарыгерлерге бул күйөөсү бизнесмен Вячеслав Семендуевдин колунан келген иш экенин айткан. Жасминдин сөзүндө аны жолдошу дайыма сабап, мазактап жашап келген. «Мен ага башкача көз караш менен карап же туура эмес сүйлөп койсом ал мени бир бөлмөгө камап койчу. Сен менин күңүмсүң, мен сени сатып алгам, каалаганымды жасайм, — дечү» — деп, түз эфирден айткан. Бирок анын жолдошу Вячеслав мурдагы жубайынын айткандарын калпка чыгарган. Көпчүлүк арасында Жасмин жолдошунун көзүнө чөп салган үчүн аны аёосуз сабаган деген сөздөр айтылган. Ырчы кордогон күйөөсү менен ажырашкандан кийин көп убакыт өзүнө келе албай жүргөн. Жасмин: «Мен өзүмдү тепсендиде калган адам сезем»,-деп айтканы да бар. Бактыга жараша азыр ырчы жашоосун жакшы нукка буруп алган. Ал тургай алдыда боло турган үлпөт тоюна даярданууда. Анын бул жолку сүйүктүүсү молдавиялык бизнесмен Илан Шором.

Анастасияны күйөөсү жумушунда көйгөй болсо сабачу

«Моя прекрасная няня» телесериалынан улам көпчүлүккө таанылган татынакай Анастасия Заворотнюк да күйөөсүнөн муштумунан жабыр тарткандардын катарында. Ал өзүнүн «Я Настя» деген китебинде бизнесмен күйөөсү Дмитрий Стрюеов менен жашаган үй-бүлөлүк жашоосун чагылдырган. «Мен өзүмдү ушунчалык алсыз сезип, анын ар бир кыймылынан коркчумун. өлтүрүп салуусу да кеп эмес болчу. Бул үчүн ал көп деле күч кетирмек эмес. Олбурлуу эркекке кантип алым жетип, колунан бошонуп чыкмакмын. Мындай учурлар биздин жашоодо көп жолу кайталанды», — деп жазган. Бул үй-бүлөдө уруш, жаңжал Дмитрийдин бизнесинде көйгөй жаралганда башталчу экен. Жумушунан кыжаалат болуп келген күйөөсү жинин Настядан чыгарып, аны сабап стресстен чыкчу имиш. Настя мындай ызы-чуулуу турмушунан кутулуп, кесиптеши актёр Сергей Жигуновго кетип калууну чечкен. Бирок Дмитрий: «Экөөңөрдү тең өлтүрүп кетем», — деп балдары менен шантаж кылган. Ал эми актриса учурда фигурист Петр Чернышев менен жашайт.

Үч бүркүм
Икая

Аялынын жүрөгүн оорутпаш үчүн 25 жыл сокур болгон жигит
Бир жигит үйлөнүп бир жылдан соң командировкага кетет. Кеткенден бир айдан соң апасы чалып: «Балам, аялыңдын бетине аябай жаман жара чыгып, жүзү таанылгыс болуп калды. Эмне кыласың, жашай бересиңби? Аялы? «мен эми жашабайм, күйөөм мени менен кантип ээрчишип жүрөт, кетем» деп ыйлап жатат дейт. Баласы: «кетпей мени күтүп турсун», — деп сапарынан кайтат. Жолдо келе жатып көзү сокур болуп келет. Ошентип аялынын жүзүн көрбөй жашап калат. Арадан жыйырма беш жыл өткөн соң аялы каза болот. Аялын жерге берип, куран окулгандан кийин баары таркап кетсе, жигит кабырды карап туруп калат. Жигиттин досу көзү көрбөшүн ойлоп алып кетейин жолдон адашып калбасын деп:
— Досум, жүр эми кеттик, — дейт. Анда ал айтат:
— Кете бер, менин көзүм көрөт, — дейт. Досу таң кала, суроолуу караса, ага айтат:
— Мен ушул аялым үчүн 25 жыл сокур болуп жүрдүм. Аялым бул жашоосунда күйөөм азыркы жүзүмдү көргөн жок. Мурдагы жүзүмдө элестетип жүрөт деп кайгырбай жашады дептир.

Бырс этме

Бири-биринин маанайын карап жашаган жубайлар
Жаңы үйлөнгөн жигит келинчегине насаат айтып жатат дейт:
— Сен күндө эртең менен менин маанайыма кара. Эгер менин башымдагы тебетейим оң тарапка кыйшайып турса, анда менин маанайым жакшы. Эгер сол тарапка болсо анда мага такыр тийишпе, — дейт. Анда келинчеги кем калбай жооп берип атат дейт:
— Сен да менин маанайыма карап мамиле кыл. Эгер, колум ылдый түшүп турса анда жакшы. Эгерде, эки колум эки бөйрөктө болсо, анда сенин тебетейиң кайсы тарапта экени менен ишим да болбойт…

Диана Айдарова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу