Күйөөсүн таштап, күйөө баласына турмушка чыккан аял өкүнгөн жок

Алматанын тургуну анын эжеси кайын сиңдисинин күйөөсүн тартып алгандыгын айтты. Бир караганда, анын эжесинин жашоосу чындыкка коошпогон жомоктой, бирок,ал азыр эки үй бүлөөнү бузуп, ата-энеси андан баш тартып отурганын казак сайттары жазып чыкты.
«Гулбарчын менин улуу эжем.Ал жакшы турат, техника сатуу менен алектенген алматалык компаниялардын биринде аткаруучу директор болуп иштейт. Анын күйөөсү — чоң бшкаруучу. Алардын өзүлөрүнүн жеке айдоочусу, кайтаруучусу бар», — деп айтты ал.
Кыздын айтымында, эжеси чоң күнөө жасаган.

«Гүлбарчындын күнөөсү тоодой. Ал бир нече жыл мурда өзүнүн кайын сиңдисинин күйөөсүн тартып алган. Эжем чогу окуган тайпалашына (группа) турмушка чыгып, эркек төрөгөн. Баары жакшы болчу, ата-энем эжекем жакшы жерге барганына кубанышкан. 2005-жылы кудалар атамдарды конокко чакырган. Биз столго отураар менен эле, кудалар, биз кыз эмес эле жылан тарбиялаганыбызды айтты. Бул сөздү угуп, атамдын жүрөгү кармап калды. Гулбарчын унчуккан жок. Биз не кылаарыбызды билбей калдык.
Көрсө, эки жылдан бери менин эжем күйөө баласы менен «жакшы» болуп алыптыр. Апам кечирим сурап, балдар ажырашсын, кызымды алып кетем деп айтуугат мажбур болду. Бирок, эжем биз менен келген жок. Ал кийимдерин жыйнап чыгып кетти. Кийин билсек, кайын сиңдиси күйөөсү менен ажырашып, алар табышып алышыптыр. Ал Гүлбарчындан 5 жашка кичүү. Ушундан кийин биздин үй бүлөөнү туугандар кеп кыла баштады. Атам болсо, кызынан такыр баш тартып койду. Мени шерменде кылды деген атам аны көргүсү да келбей калды. Андан бери 12 жыл өттү», — деп айтты кыз.
Муну башкаларга сабак катары айткандыгын билдирди ал. Сабак болобу, болбойбу, бул эң ириде адамдын өзүнөн…Бирок ошондой болсо да мындай турмушта кездешчү сейрек окуяларды байма-бай мисал катары айта жүрүү абзел.

Булак: Чагылган 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу