Күйөөсүн сиңдиси менен төшөктөн кармап…

Жаш айым жездесин азгырып, ага токол болуп тийип алууну көздөгөн. Бул тууралуу Нур кз жазып чыккан.

Айыма алысташып кеткен туугандары менен кайра сөөк жаңыртып, жакындашуу максатында алыскы тууганына турмушка чыккан.

Алгач жаш жубайлар ата-энеси менен чогуу турушат. Кийинчерээк өзүнчө үйгө бөлүнүп чыгышат. Айыма 5 баланын энеси.

Бир канча мезгил өтүп, Айымалардын үйүнө эки бир тууган сиңдиси келет. Тууганынын барарга жери болбогондуктан, кызды өз үйлөрүнө кабыл алышат.

Макпал вино жасоочу заводго ишке орношуп, үйдгүлөргө да каралаша баштайт. Убакыт өтүп Макпал, Айыма жана анын жолдошу болуп бизнес ачышып, иштери бир топ алдыга жылат. Эми бул үй-бүлөнүн каалагандай үй, каалагандай машине алууга кудурети жетет.

Бир күнү Айыма ооруп, ооруканага түшүп калат. Ооруп жаткан убакытта Айыманын жолдошу бир гана жолу кабар алып, анда да өзүнүн кызыктай жүрүм-туруму менен суз мамиле жасаган. Жалгыздыкка чыдабай ооруканадан эрте эле чыгып келген айым күйөөсү менен сиңдисинин бир төшөктө жатканына күбө болот.

Кечирим суроонун ордуна жолдошу аны эч качан сүйбөгөнүн, жакындарынын кыйноосу боюнча гана үйлөнгөнүн айтат. Эгер кетем десе жолун тоспой турганын да айтып кошумчалаган.

“Баарына Макпал күнөлүү. Эркек деген эркек да. Башынан эле Макпал буга жол бербей, биздин үйдөн кетип калса болмок,”- деп арманын төгөт Айыма.

Азыр Макпал өзүнчө үй салып, бөлүнүп чыгып кеткен.

“Биз Макпалды бул кылыгы үчүн эч качан кечирбейбиз. Кантип сиңдиң болуп туруп, сенин жолдошуңдун ойношу боло алат? Өкүнүчтүү Айыма”- дешет эже-сиңдинин туугандары.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу