Үйбүлөлүк мамиле куруш оңой эмес, ошол себептен да ар кандай кырдаалдар жаралып калат. Кыргыздардай эле казактарда күйөөсү өлгөн келинди кайнисине алып берүү салты бар.Бирок, күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө келиндердей жакын кайындарына же кайнилерине турмушка чыккан эмес. Казакстандык NUR.KZ порталына үйбүлөлүк драманын күбөсү байланышып, Алматынын жашоочусу күйөөсү менен ажырашып кайниси менен жашап алгандыгын кабарлаган.
Бул окуяга аталган үйбүлөнүн айылдашы жана жакын досу күбө болгон.
«Балдар жетим калбас үчүн, жесирлер кайнилерине турмушка чыккан. Бирок, Ердос менен Жамилия бул салтты аттап өтүштү. Үйлөнбөгөн кайниси эки баласы менен жеңесин алып алды. Күйөөсү өз инисинен мындай чыккынчылыкты күткөн эмес. Ал көпкө өзүнө келе албай жүрдү. Атаэнелери деле тирүү, алар да Ердосту токтото албады», — деп айтты күбө.
Анын айтымында, аялы таштап кеткен күйөө өзүнө келе албай, көп жылга жоголуп жүрүп, арадан бир нече жыл өткөндөн кийин айылга келип башка аялга үйлөнгөн.
«Ал эми жеңесине үйлөнгөн иниси, агасынын балдарын тарбиялоодо. Өз балдары жок. Агаини бир айылда жашашат, бирок, сүйлөшпөйт», — деди окуяны айткан айылдашы. Туугандардын мындай чыккынчылыгынан Кудай сактасын. Мындай ишке баргандардын кадамы өз баштары менен кетсин дейли.
Булак: Чагылган