Күйөөм талак берүү үчүн 150 миң сом сурап атат…

Кадимки үй-бүлөлөрдөй эле Мансур менен Фарида кол кармашып турмуш жолуна аттанышкан. Бирок Фарида Мансурдун экинчи никеси эле. Экөө 3 айдай өмүр сүргөндөн кийин Фариданын кош бойлуу болбогону экөөнү тең тычсыздандыра баштайт. Ал арада Фариданын кайненеси тараптан дагы нааразылыктар пайда болуп, ар кандай сөздөр айтыла баштайт.

Калганын Фариданын өз оозунан уксак:

– Кош бойлуу болбогонума кайненем нааразы болгонунан ата-энемдин үйүнө барып, гинекологго дарыланып келүүнү туура көрдүм. Мен ата-энемдикин де жүргөндө күйөөм «мен сени менен жашабайм. Апам «оорулуу келиндин кереги жок. Келгенине үч ай болгондо эле дарыланып жатат. Мындай келиндин барынан жогу жакшы» деди.

Экөөбүз ажырашабыз» деген сөзүн айтты. Анан бир туугандарым менен барып, баарын жыйыштырып, төшөнчүлөрүмдү алып кеткем. Мен кеткенден кийин арадан 7 айдай убакыт өтүп, башка адамдар жуучу түшүп келишти. Ал учурда Мансур биринчи никедеги жубайы менен кайра жарашып, өмүр кечирип жаткан кез эле.

Турмушка чыгууга камданып калганда айылдагы имамдар «мурдагы күйөөңдөн талак алдың беле?» деп суроо узатышты. Ажырашып кеткенимди, бирок талак албаганымды айттым. Мансурга барып талак берүүсүн өтүндүм.

Бирок, Мансур оюнан айныды. «Мен биринчи жубайым менен да, сени менен да жашайм. Талак бербейм» деп чыкты. Ата-энем Мансурдун үйүнө барып, «кызыбызды турмушка узатканы турабыз.  Талак бер» деп суранышты. Мансурдун үй-бүлөсү болсо «150 миң сом бергиле, ошондо талак берет. Кызыңардын башы бошотулат» деп жолго салышты. Ортого имамдар, молдолор түшкөндө Мансур «Фарида менин жубайым. Дарыланууга эле төркүнө кеткен. Менин башка жубайым жок. Фариданын башын бошото албайм» деп калп сөздөрүн айтып чыкты. Күн сайын «мен сага турмушка чыгууга жол бербейм. Чыккан күндө да экөөңөрдүн жашооңор болбойт. Жашаттырбайм» деген смс каттарды жөнөтүп турат. Бул кандай да болсо эптеп акча өндүрүүнүн бир жолу эле. Мансур тарап намазга жыгылып, «Машаллах», «Иншаллах» деген, Кудай оозанган адамдар эле. Кыскасы, намазга жыгылган адамдар мындай жолго барганына таңгалып, эсимди жыя албай отурам. Имамдар менен сүйлөшүп, менин маселем чечилүүгө аз убакыт калды. Бирок жашоодо ушундай адамдар бар экенин, ушундай окуялар болорун замандаштарыма айткым келди.

Анара Арзыбекова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу