КҮЙӨӨМ МЕНИ АК ЖЕРДЕН КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ

– Күйөөм экөөбүз студент кезде баш коштук. Бишкекте биз жашабаган ижара калган жок окшойт. Айдан­айга акчабыз жетпей, кыштын кычыраган чилдесинде кожойкелер эски эки чемодан менен төрт төшөнчүбүздү кошуп көчөгө чыгарып койгон учурларды чогуу баштан кечирдик. Бирок ал кезде биз эч нерседен коркпойт болчубуз, кыш суугунан үшүчү эмеспиз. Анткени алдыда максаттарыбыз, тилектерибиз көп эле. Окууну бүтүп иштеп, баары жолго түшүп баштады, балалуу болдук. Мен үч баланы удаа төрөп үйдө отуруп калдым. Күйөөмдүн иши жакшы болгон үчүн иштейин деп деле аракет кылган жокмун. Балдар чоңойгон сайын жумуш тууралуу ойду таптакыр унуттум.Балдарымдын алды окуп калганда эки бөлмөлүү батирибизди ижарага бердик да, шаардын четинен жер там алып ошол жакка көчүп кеттик. Жер тамга көчкөнү керели­кечке огород менен алек болуп өзүмдү таптакыр унуттум. Тоок, уй багып, айтор, түйшүгүм башымдан ашты. Иштебесем да ушинтип жолдошума жардам берейин деп ойлоп, азык­түлүктүн көпчүлүгү өзүбүздөн чыгып жатканына ичимден кубанам. Бирок менин минтип аракет кылып жатканым жолдошумду кубантпай эле, тескерисинче, кыжырдантып жаткандай. Акыркы кездерде: «Семирип кеттиң, чачың кир, тырмагың аймап кетти», — деп болор­ болбоско кыжырлана берчү болду. Мунусуна деле көп маани бербей тиричилик менен алаксыйм. Мурда кеч болсо да башка жакка түнөбөй үйгө келчү атабыз акыркы учурда «командировкага кеттим» деп үйгө келбегени көбөйдү. Балдарым оболу күтүп, атасын сурап, келсе тим эле чуу түшүп кубанышса, бара­бара атасынын бул адатына көнүп калышты. Мен гана көнө албай, алда неге түпөйүл болуп жүрдүм. Биздин мамиле таптакыр салкын тартты. Ал күйөөлүк милдетин да таптакыр унутуп, кокус мен эркелеп кучактасам жылан көргөндөй ичиркенип, кагып салып ары карап жатып алат. Жамынган төшөнчүнү ортого тосуп, бирдемем жугуп калчудай денесин алыс кармаганы катуу тийсе да тиштенип унчукпай ичимен сызган түндөр көбөйдү. Бир күнү адаттагыдай кеч келди да, негедир машинесинен түшпөй отура берди. Тамагымды жылытып алып күтсөм жок, анан бир жери ооруп түшө албай жатат го деген ойдо сарсанаа болуп чыксам күңкүлдөп телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Кирип кете албай туруп калдым. Ал менин чыкканымды байкабай сүйлөшө берди. Кимдир бирөөнү ушундай бир назик коңур добуш менен эркелетип жатты. Бир кезде: «Ишенесиңби, үйгө киргим келбей сыртта машинеде отурам. Сени азыр эле көрүп кайра сагынып жатам. Бул үйгө балдарым үчүн эле келем…» — дегенин укканда боюма муздак суу куюп жибергендей ичиркенип кеттим. Бир оюм “азыр ызы­чуу сал” деди, бир оюм “эч нерсе уккан жоксуң, кирип кет” деди. Кантсе да даап бара алган жокмун. Жолдошум бир кезде кирди да, ашканага баш багып да койбой балдар жаткан үйгө кирип кетти. Ошол бойдон балдардын жанынан чыккан жок. Таң атканча ар нерсени ойлонуп уктабай жатып эртең менен уктап калыпмын, турсам жолдошум жок. Ал күнү дем алыш болсо да үйгө келген жок. Ошол күндөн баштап ал таптакыр өзгөрдү. Мурда телефондон жашынып сүйлөшсө, азыр ачык эле сүйлөшүп, келбеген күндөрү: «Кайда жүрдүң?» – десем, «эмне, сага отчёт берейинби? Ишиң эмне?» — деп кагып салчу болду. Шаардагы батирибиз көптөн бери бош турган эле. Бир күнү жууп­тазалап, квартирант киргизип коёюн деген ойдо батирге барсам, эшиктин кулпусуна ачкыч түшпөйт. Бул эмне, бузулуп калганбы же жолдошум ижарага берди бекен? Берсе мага айтмак да деп ачкычты кайра салып чукулап атсам, ичкериден: «Ким?» — деди аялдын үнү. «Мен ушул үйдүн кожойкесимин, силер квартирантсыңарбы?» — дедим эшикти тыкылдатып. Эшик жай ачылды да, ичкериден менден бир топ эле жаш, татынакай аял баш бакты. – Саламатсызбы, мен ушул үйдүн… — деп келе жатканда эле ары жактан жарым жылаңач жолдошум чыкты да, мени көрүп кабагы түйүлө жакын келди. Мен оозуман келмем түшүп жалдырап туруп калдым. – Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — деди ал мени демитип. – Сен эмне кылып жүрөсүң, бул ким?.. — буттарым калчылдап, башка сөз оозума келбей апкаарып калдым. – Ким экенин эмне кыласың, үйгө бар, кечинде сүйлөшөбүз, — ал мени түртүп чыгарып эшикти жаап алды. Өз үйүмдөн өзүм сүрүлүп, не кыларымды билбей подъездде отура бердим. Бир топко нес болуп отурдум да, качан эски кошуналарым келип калса бирдеме деп жиберет го деген ой келгенде уятымдын күчүнөн туруп чыгып кеттим. Үйгө келгенче ыйлап келдим. Артыман эле жолдошум да келди. – Ким ал? — дедим эшиктен киргенде эле. Ал унчукпай чечине берди. Ансайын чыдамым кетип, кантсе да никелүү, мыйзамдуу аялымын го, сураганга акым бар деген дымак менен: – Ким ал биздин үйдө жашаган? — деп колунан булксам бир түрттү эле, темтеңдеп барып бурчтагы диванга отуруп калдым. – Буга чейин сенин үйүң болсо, эми башканыкы. Анын ким экенин сурагандан мурун кебетеңди оңдочу. Жаныңа келсем кык жыттанасың, — деди да, жуунганы кирип кетти. Ыйладым, бакырып­өкүрдүм, идиштерди талкаладым, “эмне болуп жатасың?” деп чыгып да койгон жок. Ошо күндөн тозок жашоо башталды. «Эр бермек — жан бермек» деген чын белем, түнү уйкум, күндүзү тынчым кетти. Менин бир аз да болсо жардам берейин деп тытынып тиричилик кылганым бааланмак тургай, ошол нерсе бактымдын бузулушуна себепчи болуп жатканына ыза болдум. Анан бир күнү эртең менен туруп уюмду торпогу менен, тоокторумду кошуналарыма сатканын сатып, калганын таратып салдым. Өзүм болсо дүкөнгө барып болгон акчага кийиндим, салонго барып чачымды кырктырып, боёттум, тырмагыма маникюр жасаттым. Өмүрүмдө биринчи жолу акчаны өзүмдөн аябадым ошол күнү. Ишенесизби, кадимкидей бугум чыгып, бир аз болсо да жеңилдеп калгандай болдум. Менин өзгөргөнүм тууралуу күйөөм көзүнүн кыйыгы менен карап койгону болбосо, бир ооз эч нерсе деген жок. А мен өзүмдү карап, жагымдуу болууга аракет кылуумду токтотподум.Ошондой күндөрдүн биринде балалыгым бирге өткөн парталашым экөөбүз базардан кезигишип калдык. Ал­жай сурашып, телефон номерлерибизди алмаштык. Бул классташым экөөбүздүн өзгөчө ынактыгыбыз бар эле. Окууну аяктар жылдары ал мени көп узатып, жылуу сезимдерин билдирген. Бирок мамилебиз андан ары уланып деле ысык­ынак болуп кеткен эмеспиз. Болгону башка классташтарыбызга салыштырмалуу ал мени, мен аны жакын тутуп, бири­бирибизди көбүрөөк ойлочу элек. Жолугушууда ал менин жагымдуулугумду, жакшы аял болуп өзгөргөнүмдү баса белгилеп өткөн. Ошол эле эки ооз сөз менин жан дүйнөмдү тынчтандырып, жакшы ойлорду ойлонуп, аял катары дагы да жагымдуу болууга аракет кылышыма түрткү болду. Бир күнү ал чалып: “Атайын телефон алышкандан кийин ал­жай сурашып туруш керек да”, — деп кеп баштап экөөбүз бир далайга чейин сүйлөштүк. Окуучулук кездерди, айылды, кошуналарды, башка классташтарды, айтор, козгобогон темабыз калган жок. Кийин мындай баарлашуулар бизге көнүмүш болуп калды. Мындай мамиле ортобузга сүйүү сезимдерин жандырып ийбесе да бир жылуулукту, табышмактуу жакындыкты пайда кылып, кийин бир­эки курдай кафеде жолугуп түштөндүк. Ал мени абдан жакын сырдаш, ишенимдүү дос тутуп алды го, аялынын артыкчылыгын да, кемчилигин да жашырбай айтып, балдары менен сүрөттөн тааныштырды. Кезек жетип мага суроо салганда мен күйөөмдүн мыкты адам экенин, бизди багуу үчүн болгон убактысын ишке арнаганын айтып бактылуунун түрүн көрсөттүм. Анткени менин жолдошума карата дагы да үмүтүм бар эле. Балдар үчүн баарына чыдап, балдар үчүн баарынын жакшы жакка өзгөрүшүн тилек кылып жашап жаткан элем. Классташым менен жолугушуу мени бактылуу кылып ийди дейсизби, ага жолугуу мени болгону чырмалган ойлордон, бактысыздыктан басынуудан гана алаксытып турчу. Аны менен жылмая сүйлөшүп болгон соң кайра эле баягы кайгылуу кебетеге келип калчумун. Бирде эмне үчүн күйөөм мага башка эркектер, маселен, ушул классташым кылгандай мамиле кылбайт деп кейисем, бир туруп эмне үчүн бир кезде классташым экөөбүз кол кармашып кетпедик экен. Балким, ага турмушка чыкканымда мындай болмок эмес деген ойлор болот. Бирок азыр баарына кеч экенин, артка эч кандай жол жок экенин билгенимде шаабайым сууй отуруп калам. Бир күнү классташым дагы түштөнүүгө чакырды. Демейде дем алыш күндөрү үйдө болбогон күйөөм ал күнү түшкө чейин уктап жатып алды. Чынында ал мага көнүл бурбасын, кызыгып да койбосун билип турсам дагы ага кол шилтеп, өзүм билемдик менен үйдөн чыгып кете алган жокмун. Бирок күйөөм үйдө болуп калды деп жолугушуудан баш тарткан да жокмун. Себеби бала күндөн бирөөгө айткан сөзүмдү аткарып көнгөм. Мен классташыма аны сагынып кеткенимден эмес, аны көпкө күттүрүп атканым үчүн шашып аттым. Чачымды жасап, боёнуп жатканымда жолдошум туруп сыртка чыгып кетти. Аңгыча классташым чалып калды.– Мен сени күтө берип айылга бир барып келгендей болдум, — деди ал, — билесиңби, ал кезде сен апаңдан суранып чыгуу үчүн бир күнүңдү жумшап, күн бою апаңа жагуу үчүн иш кылчусуң. Анан жолугуп болгону ушуларды сүйлөшүп, анан кош айтышып кетип калчубуз. Бала экенбиз да ээ? – Ооба десең, — салкын коштоп койдум. – А азыр эмне болдуң? Өзүң апасың? Кызың коё бербей атат окшойт да?.. – Азыр апа эле эмес, бирөөнүн жарымын дагы, – мен дагы бир ирет бактысыздыгымды билдирбеске далбас уруп жасалма үн менен бактылуу аялга окшодум. – Түшүнөм. Бирок мындан кийин сени чайга чакырып тынчыңды деле албайм. Алыска кетип жатам. Ушул жолу эптеп келип кой, мындан кийин качан жолугабыз, ким билет. Ал иштери менен алыска, узакка кетери тууралуу буга чейин айткан. – Койчу, убакыт бат эле… Кайра эле жолугабыз. Сен эле өзгөрүп кетпесең, мен качпайм. – Ошентеличи. Мен сени жолдошуңа жаман көрсөтүп аламбы деп эле чочулайм. – Жок, камтама болбо. Жакшы адам менен жолугуп, жашооңо тынчтык кошуп туруу ар бир адамга керек эмеспи. Аны баары түшүнөт, – эмнегедир кебибиздин ушул жеринде классташым мени менен жолугуп туруудан айнып кетпесе экен дегендей тынчсызданып кеттим, – андан көрө билип кой, мен сени күтөм. – Ошондой болсо эле болду. Азыр болсо мен дагы канча күтөйүн, алтын классташ, – ал “классташ” деген сөздү жан дилинен, берилүү менен айтты. – Жарым саат. Мына, чыгып атам. Мен телефонду коюп, сумкамды колго алып эшикке карай буруларым менен күйөөмдүн теше тиктеп турган каардуу жүзүнө бет келдим. Ал мени жеп жиберчүдөй карап, шылдыңдай мыйыгынан жылмайып туруптур. – Жарым саатта кимдин койнуна жетип барасың? – Оозуңа карап сүйлө. “Койнуна” деп… Мен сен эмесмин. – Жакшы жасанып алыптырсың, жөнө, – ал босогодон жыла берип мага жол бошоткон болду. Эгер эле чыгып кетсем, биротоло жаманатты болорум белгилүү эле. Андыктан аргасыздан артка чегиндим. Атым булганбасын, ак жерден жаманатты болуп калбайын деп халатымды кийип үйдө калдым. Бирок кечигиптирмин. Күйөөм биздин сүйлөшүүбүздү башынан тыңшап, андан да жаманы — баарын тескери ойлоп мени башка менен төшөк ишин кылып жүргөндөй кабыл алып алыптыр. Ошол күндөн баштап ал мени сөз менен жеп, кебез менен муунтуп келет. Мен бир да жолу ала жипти аттап, жаман ишке барбаганымды айтып жеткире, эч түшүндүрө албай койдум. Баарынан күйгөнүм — күйөөмдүн кылыгын көтөрүп, балдарым деп аны жаап­жашырып чыдап келип, эми баарына өзүм жаман аттуу болуп калчу абалга кептелип калдым. Балдарыбыз бой жетип, алдыда арты­артынан жакшылыктары болчу кез келатат… Ошол күндөрдүн бактысын бирге көрө албай ажырашып кетебизби деп санааркайм. Канткенде күйөөм менин жаман иш жасабаганыма ишенет? Канткенде биз үй­бүлөбүздү сактап кала алабыз?

Булак: chagylgan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу