Күйөөм менин үстүмө аял алып, экөөң менен жашайм деп…

Саламатсыздарбы ! Мен улуу эжелерден кеңеш сурагым келди. Күйөөм үстүмөн экинчи аял алып алган, бир жыл болду. Бир жылдын ичинде эмне деген күндөр өткөн жок, кыйналдым, ыйладым. Үч балам бар, кичинекей эч нерсе кыла албадым. Же ал тити аялын таштабайт,  же менин башымды бошотпойт, экөөңөр менен жашайм дейт. Бизге эки айдан бери келе элек. Келсе сотко берип ажырашып кетсемби деп жатам. Кайра кийин өкүнүп калбаймынбы деп ойлонуп  кыйналып кеттим. Жакындарым ажырашпа сен утуласың, тиги аялы сразу ЗАГСка туруп алат дейт. Эмне кылсам?

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу