Күйөөмө эрегишип отуруп, сүйүүгө кабылдым..

Бир кездери менде баары жакшы болчу. Өмурлүк жолдошумду эч кимге теңебей, аябай катуу жакшы көрөр элем. Ансыз жашоомду элестетүү кыйын болчу. Биз бактылуу элек. Акыркы үч жыл аралыгында куйөөм аябай өзгөрдү. Үйгө үч күндөп келбей койчу болду. Жумушун шылтоолойт. Ишенип жүрө бердим. Мага көңүлү жок, өзүмдү сооротуп жашай бердим. Күндөр айга, айлар мезгилге, мезгилдер жылга айланды. Акыры күйөөмдүн башка сүйуктүү айым таап алганын да билдим…

Ошол убакта андан өч алуу максатында жаш кезимде мамиле куруп, бирок тоюбуз болбой калган мырзаны интернеттен издеп жатып таап алдым. Аны менен мамиле түзүп, эртели-кеч жазышабыз. Сүйлөшөбүз. Мен дагы күйөөм менен ишим болбой, ошол мырзага акырындап көнүп бараттым. Ошондо да жолдошум мени «эмне кылсаң да өзүң билесиң» дегендей мамиледе болду. Андан бетер өчөшүп сүйлөшө бердим. Сезимдер менен ойноого болбойт экен. «Күйөөмө эрегишем» деп сүйүүгө кабылдым.

Сезимдер тереңдеп кетти. Баарына кеч болуп бара жатканда күйөөм кайтып келди. «Кечир мени, адаштым, алдандым» деп аянычтуу жалооруйт. Бирок жүрөгүм, ага болгон сезимдерим музга айланыптыр. Мурдагы, бирок кечиккен сүйүүмдү ойлоно берип азап тартам. Ал байланышка чыкса жаш баладай кубанганымчы!

Бул чыныгы сүйүү эмеспи?.. Бирок, балдарым үчүн күйөөм менен калуута аргасызмын…

Жылдыз

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу