Күйөөмө уул төрөп бере албай, үй-бүлөмдөн айрылганы турам…

Мен 38 жаштамын. Алмаз экөөбүздүн түтүн булатып чогуу жашап келе жатканыбызга 18 жыл болду. Жолдошум үч эже-сиңдисинен кийин  ата-энесин куттуруп келген жалгыз эркек. Ошондон уламбы, бул үй-бүлөдө эркек баланын орду чоң. Мен кош бойлуу болгон сайын эркек бала болушун баары каалап күтүшөт. Ансайын мен кыз төрөйм. Үч кызымды төрөп, дагы төрөсөм кыз болуп калышынан коркуп өзүмө эс алуу жарыяладым. Уйдө отуруудан тажаганда жолдошум үйдүн бир бурчуна чакан дүкөн ачып берип койгон. Үйгө кирип-чыгып жумуштарымды жасап, ошол эле учурда дүкөндү иштете берем. Убакыт билинбей өтүп улуу кызым 15ке, кичүүсү 10го чыгып калыптыр. Ошондо убакытты өткөрбөй күйөөмө эркек төрөп берүүнү чечтим. Сураштырып жүрүп жакшы гинеколог таап дарыланып, эсептетип эркек болуусун кааладым. Анализдерди тапшыруу убагында гинекологум жатынымда чоң көлөмдөгү миома бар экенин айтты. Башында аялдардын катардагы ооруларынын бири деп олуттуу кабыл алган эмесмин. Бирок мендеги бул ооруну дарылоо онкологиялык ооруканада миома менен кошо жатынымды алып салуу менен бүттү. Ансыз болбойт дешти. Ракка айланып кетүүсү мүмкүн экен. Эмне кылам, айласыз доктурдун айтканына макул болуп тагдырыма баш ийип отуруп калдым. Эркек төрөйм деген тилегимдин ташталканы чыкты. Жашообузда-гы мындай бурулуш менден да күйөөмө абдан оор тийди. Болбогон нерсеге кыжырданып, кыйкырып же болбосо ой басып эле таптакыр өзгөрүп кетти. Ичимдикке да көбүрөөк оой баштады. Мен эмне кылмак элем, бул Кудайдын иши болсо да өзүмдү күнөөлүү сезип унчукпай тим болом. Арадан убакыт өтүп баары калыбына тушкөндөй болгон. Эркек бала багып алабыз деп өзүмдү жоошутуп, бирок бул оюмду күйөөмө билдире элек болчумун. Бирок мен кечигиптирмин. Күйөөм мындан бир жума мурун мени нес кылды. Үйгө түнкү саат 2лерде келди. Мен аны күтүп телевизор көрүп отургам. Күйөөм эшиктен негедир абдан кубанычтуу кирди. Адатта достору менен ичкенде ушундай кеч келчү. Бул жолу сопсоо, бирок көздөрү жайнап, уурту күлкүдөн жыйылбайт. Менин таң кала караганыма: — Мен эркек балалуу болдум! — деди андан бетер күлкүсү төгүлүп. Мен негедир ичимден ушинтип көп ойлочу элем. Эрксизден келген ойлорду канчалык жаныма жуутпай кууганга аракет кылсам да, башымдан кетчү эмес. Бирок күйөөмдүн кыздарына болгон сүйүүсү мени ал жаман ойлордон алыстатып, чоң үмүт берчү. Көрсө, баары мен ойлогондой болуптур. — Кимден? Качан? Кайсыл убакта үлгүрдүң? -деген суроолорума шашпай отуруп жооп берди. Көрсө, баары пландуу түрдө болуптур. Мен жатынымды алдыргандан кийин эркек балалуу болуудан үмүтү үзүлгөн жолдошум өзүнө керектүү бакытты сырттан издей баштаптыр. Мына, ал бактысына жетип, ошондон улам бүгүн кубанычы койнуна батпай турган кези экен. Канчалык өзүмдү кармайын дегеним менен болбоду. Ызама чыдабай ыйладым, чаңтополоң кылдым. «Кетем» деп кийимдеримди салыштырдым. Кызыгы, күйөөм кетпе деп жолумду тоскон жок. Аалам аңтарылса да тоготпой, өз бактысына маани  бүлүп отурган күйөөмдү көрүп ичимди кызганыч өрттөдү. Түн ичинде каякка бармак элем, бөлмөмө барып көз жаш менен таң атырдым. Эртен менен Алмаз үйдөн чыгып баратып: — Билесиң, мен баламды таштабайм. Ошол эле учурда силерди да таштабайм. Эч нерсе болбогондой оокатымды кылып жашай бер,-деп чыгып кетти. Жок, мен минтип өмүрлүк жолдошумду бирөө менен бөлүшүп жашай алчудай эмесмин. Мен айрым аялдардай кең пейил эмес экенмин. Сот аркылуу ажырашып, биротоло бир жактама болуп өз тиричилигимди кылганым дурус окшойт… Жооп; — Жолдошуңуздун эки жакта тең жашай берем деген ою бар окшойт. Андай болсо ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, башкалар менен эсептешкиси келбейт экен. Эми сиз өзүңүз  жакшылап ойлонуп көрүңүз: жолдошуңуз эки бүлөнүн ортосунда болсо, анын талабына кенүп жашай аласызбы же жокпу? Сиз үчүн эмне кымбат? өзүңуздүн ден соолугуңуз, кыздарыңыздын тагдырыбы? Же болбосо сезимиңизди тебелеген, башка аялга алмаштырган күйөөңүзбү? Андыктан акыркы чечимди өзүңүз гана чыгарасыз. Менин сизге психолог катары айтарым, катуу кызганычтын айынан ооруп, өлүп калышыңыз да ыктымал. Ага жеткирбөө үчүн ичиңиздеги букту сактап жүрбөй айтканын айтып, айта албаганыңызды кагазга жазып, өрттөп салсаңыз болот, өзүнө кам көрүп, бир таяна турган адамдары менен кайгысын бөлүшүп турса болот. Негизи кичинекей кезинде ата-энесинин мээрими жетишсиз болсо, кийин куйөөсүнө байланып, ансыз жашай албагандай болуп калат. Бир кезде берилбеген сүйүү сууга толбой турган кудук сымал, өмүр бою жетишсеңиз болот. Бул жетишсиздик өзүн-өзү төмөн баалоону, дайыма “мен кунөөлүүмүн” деген сезимди жаратат. Эгерде өзүңүзгө болгон ишенимди арттырып, күйөөңүздү кызганбай жашап кете алам десеңиз жашай бериңиз. Анте албай, күйөөңуз экинчисине кеткенде жаздык кучактап ыйлап, өзүңүздү кыйнап жашасаңыз, сөзсүз түрдө ооруп каласыз. БУЛАК: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу