Күйөөмдү токолунан кызганам деп, канымды ичкен көңүлдөшкө туш болдум

Үч жыл мурун күйөөмдүн башка үй бүлөсү пайда боду, жапжаш токол алып, балалуу
болушуптур. Үйгө көп келбей баштаганда, мен чыр чыгардым. Күйөөм токолу жок экенин

айтып, моюн бербеди. Бирок бар экенин сезип эле жүрчүмүн.
Ошентип, күйөөм жумалап үйгө келбей калды. Мени менен чогуу төшөккө жатуу токтоду.
Мен арданганымдан ичкиликке бериле баштадым. Күн сайын тура калып эле сыра ичем,
анан арак ичким келет. Үй оокаттарын балдарым жазайт. Тамак жазалуу, үй жыйналуу, мен
иче бердим, иче бердим.

Ичкен адамга береке токтомок беле? Эсимди жыйнап эки жагымды карасам эркектер
менен жүрөм. Түнү менен кафе, ресторан ар ким менен таанышып жүрдүм. Ичкиликке
берилип баратканымды күйөөм билип, мени кыйнап жатып клиникага жаткызды. 6 ай
дарылатып чыккан соң: «эми бир ичкениңди көрсөм үйдөн дагы, балдардан дагы
айрыласың, сен менин аялымсың, кадыр баркымды төкпө»-деди.

Көп өтпөй жеке бизнес ачып, ага кошуп машина дагы алып берди. Экинчи үй бүлөсү
тууралуу мага айтып берген жок. Бирок мен билчүмүн. Үйгө такыр эле аз келип калган.
Жумушума алаксып, балдарыма көңүл бөлүп жүргөнүмдө курбуларым аркылуу бир жигит
менен тааныштым. Ал менден 10 жашка кичүү. Карапайым, үй бүлөөлүү эле бала экен.
Артыман калбай жүрүп, акыры бирге болдук. Күйөөмө болгон арманымды, жинимди андан
чыгарчу болдум. Арадан бир жыл өттү. Эми ал бала мени күйөөң менен ажыраш, мен дагы
ажырашам дейт. Мен күйөөм менен ажырашкым келбейт, анткени жумуш, балдар, үй,
машина баарынан ажырап калышым мүмкүн.

Күйөөм көзүнө чок салганымды эч качан кечирбейт

Мен Жоомартка: «мен ажырашпайм,
ушуну менен байланышыбызды үзөлүк,
ошондо баары туура болот дедим»
Мына ушул сөздөн кийин өмүрүм тозокко
айланды. Себеби телефон менен ар
түркүн сөздөрдү айтып коркутат. Бир
күнү таштасаң өлтүрүп кетем деп смс
жазды. Бара- бара мүнөзү дагы өзгөрдү.
Ар кимден кызганып, мага кол көтөрө
баштады. Телефондогу смс, вотсап баарын текшерет. Досторумдун кайсынысы менен
катышам Жоомарт чечип калды. Каякта иштейм бүт билет. Телефонуна жооп бербей
калсам, жумушка келип чыр чыгарчу болду. Качып көрдүм. Ал жумушун таштап салып
мени аңдып, үйдүн жанынан күтүп кармачу эле.

«Мени таштасаң, күйөөңө айтам, тааныштарыма айтып »

Мени таштай турган болсоң күйөөңо айтам, тааныш жигиттер бар аларга айтып
жумушуңдун быт чытын чыгарам, өзүңдү майып кылып коём деп коркутту. Ошондон бери
аны менен коркконумдан жолугуп жүрөм. Башкысы күйөөмө айтпаса болду. Айтты дегиче
менин куураганым.
Жоомарттан кандай кутуларымды билбейм. Ал жанкечти, эч нерседен тайманбаган адам
экенин кеч билип калдым. Ичип алганда акылынан адашып жинди болот. Андай кезде
сеники чын деп кутулам.
Баарыңыздарга айтаарым эч качан өчөшпөгүлө! Ичкиликтен алыс болуңуздар.

Автор: Аяжан Төрехан

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу