Күзүндө тамактануунун 3 эрежеси…

Ысык күндөрү суу чачышып ойногонго мүмкүндүк берген жай артта калды, жаан-чачын, суук, жел мезгили башталды. Ушуга байланыштуу дал азыр түрдүү вируска каршы турууга жардам берген витаминдерди жешибиз керек.

1-эреже:

Жемиш менен мөмөлөрдү көп жеңиз. Алардын курамында макро жана микро пайдалуу элементтер бар экени эч кимге сыр эмес чыгаар. Суук мезгил болсо да, жер-жемиштерди ар бир дүкөндөн тапса болот. Ал эми эгер ашык акчаңыз болбосо, жумасына бир стакан кыйамды сууга эритип ичсеңиз жетиштүү.

2-эреже:

Тамакты көп өлчөмдө жебеңиз. Албетте, организмибиз күз менен кыш мезгилинде жайга караганда көп тамакты кажет этет. Мунун себеби да түшүнүктүү. Бирок кандай жагдай болбосун жатар алдында тамак ичкенге болбойт. Тактап айтканда, уктаар алдында 3-4 саат мурун ичишибиз керек.

3-эреже:

Ден-соолукка зыянын тийгизген тамактарды пайдалуу аналогдор менен алмаштырыңыз. Адатта даамдуу деген тамактар ден-соолукка зыян тийгизет. Эгер алардан баш тарта албасак, болгон пайдасын кошо жейли. Мисалы, майонез менен жасалган салаттарга зайтун майын кошуп жеңиз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу