Күзүндө парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылабы?

Парламент. Бул сөздү жөнөкөй тил менен салыштырсак кадимки эле адам организиминдеги негизки органдарынын бири болгон боор сыяктуу туюм калтырат. Кандагы жаман менен жакшыны бөлүп, тазалап, фильтирлеп тургандай. Анын алгач жаралган тээ 13-кылымдан берки тарыхын түрүп, байкоо салып көрсөң парламент дегениң чыны менен эле оңбогондой куч экенин байкайсың. Анткени, парламент бул-эл менен бийликтин ортосундагы башкы байланыш, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүндөгү бирден бир жооптуу рычаг. Чыныгы, күчтүү парламенттин негизки функциясы ушунда. А учурдагы Кыргыз парламентти ошондой бийик статусна татыктуубу? Менимче бул суроонун жообу азыр баарына белгилүү. Биз ал жөнүндө эмес, эгемендик алган 27 жыл ичинде элдин эң Жогорку Кеңеши канча жолу жана эмне себептен мөөнөтүнөн мурда таркатылганына сарэсеп салып көргүбүз келди.

Парламенттин биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда таркатылышы

“Легендарлуу” деп аталган парламент… 350 депутаттык курамдан турган бул корпус чынында эле жогоруда биз кеп кылган “Парламент” дегендин вазийпасын так, калыс аткаргандынгы менен тарыхта калды. Анда азыркыдай акча, байлык, өңтааныш, “оозукыйшык болсо да ошолор сүйлөгөндөй” эмес, накта интелектуалдардан, чыныгы адистерден куралган. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы ал парламент чындап эле укмуштай таза, күчтүү да болгон. Союз тарап, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн парламенттери (Россия баш болуп) жаңы жашоону эмнеден баштарын билбей “ооздорун ачып олтурганда” Кыргыз парламенти чечкиндүүлүк менен буйдалбай алга умтулган. Далайлары даай албай турганда (1990-жылы эле) суверинитет жөнүндө декларацияны, 1991-жьшы алгачкылардан болуп көз карандысыз мамлекет экендиги жөнүндө дагы бир өтө маанилүү декларацияны,кабыл алышкан. Ошол эки декларацияны биз минтип эки сүйлөм менен айтып жатканыбыз менен, аны кабыл алуу канчалаган эркти, тобокелдиталап кылган. Бир сөз менен айтканда өзүнүн тазалыгы, күчтүүлүгу менен өзгөчөлөнгөн. Ошентсе да көп өтпөй өйдөкүлөр тараптан “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген жорук башталат. Себеби, ал кездеги башкы бийлик күчтүү парламентинен, анын курамындагы күчтүү адамдардан чочуган. Анан, өлкөнүн тунгуч президентти айланасындагы бекем көз караты жок кошоматчыларынын акыл калчоосуна багыныппы, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алпурушкан парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатып тынды. Суроо туулат. Эмне үчүн? Анда, жалпы эл кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан ошол легендарлуу парламентган жасалма жол менен таркатылгандыгы туурасында негизки эки себебин белгилеп кетсек болот. Биринчиси: Ошол кездеги жогорку бийлик тараптан өтө чоң мандем жараткан “Камеко” деген компанияга Кумтөрдү берүү. Алардын республиканын алтын запасына жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу. Экинчиси: өлкөгө тынымсыз агылып келип жаткан кредиттер жана ошол учурда башталган менчиктештирүүлөр өтө эле мыйзам бузуулар менен коштолгону. Легендарлуу парламент дал ушул эки маселе боюнча күчтүү курамдагы коммиссияны тузүп, өлкөдөгү Совет доорунун учурундагы 70 жьш ичинде жаралган эл байлыгын бир ууч топ “кузгундар”, андагы башкы бийликтин айланасындагылар туш-тараптан сугунуп, талап-тоноп киргенден улам, дал ошол мамлекеттик чыккынчылыкка барабар жосунсуз жоруктарды аныктап, алардын бет пардасьш сыйрууга батынып киргени себеп болгон. Мына ушунун баары 1994-жылы күзгү сессияда ачыкка чыкмак. Аскар Акаевди мына ушундай кадамдар чочуткан. Бул жөнүндө убагында легендарлуу парламентгин спикери Медеткан Шеримкулов да ачык айткан, бир кезде. Парламенттин мына ушундай аракеттеринен улам “легендарлуу парламент” мөөнөтүнөн мурда таратылган. Көп өтпөй 1996-жылдын 10-февралында бийлик тарабынан ойлонуп табылган референдум өтүп, анын негизинде Кыргызстан супер президенттик өлкөгө айланган. Ошол референдумдун шарапаты менен элдин бийик трибунасы болгон парламентгин “канаттары кыркылып”, далай укуктарынан ажырап, жен гана мыйзам чыгаруучу органга айланып калган. Натыйжада, ошондон тарта өлкөдө саясий климат өзгөрдү…

Парламенпин экинчи жолу мөөнөтунөн мурда таркатылышы

Өздөрүн түбөлүккө түркүк болуп калчудай ишенимге батып калган жогорку бийликтегилердин бийлик кумарына “мас” болгон кудурети ашынып олтуруп, акыры элдин чыдамы жарылып, 2005-жылы март ыңклабы жаралды. Өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүп, эгемендүү мамлекетибиз мыйзам талаасынан чыгып кетүү коркунуч жаралды. Мындай  абалдан айланып өтүүнүн жалгыз жолу Жогорку Кеңеште гана калган. Анткени, ал ьщкылапка чейин жалпы элдик добуш менен шайланып калган парламент гана легитимдүү эле. Белгилей кетчү нерсе- ошондой опурталдуу кырдаалда “эки тизгин бир чылбырды” андагы парламент өз колуна алып, өлкөнү мыйзам талаасына алып чыкты. Аларга эч кандай форс-мажордук аракеттер да таасир эте албады. Натыйжада, 3-чакырылыштагы парламенттик корпустун кадыр баркы эл арасында күндөн-күнгө өсө баштады. Ал тургай өлкөдөгү баардык саясий күчтөр Жогорку Кеңешти тирек кылып, парламентке ыктап жатышты. Андай көрүнүш жаңы, жогорку бийликтин башына келген К. Бакиевдин да шаштысын кетирип кирди. Акыры, Акаев сыяктуу эле ал киши дагы парламентти жок кылууга болгон күрөшүн баштады. А дегенде парламентгин спикерин “ээрден алып түпггү.” Көп өтпөй (бир жылдан ашып-ашпай) 2007-жылдын 22-октябрында президент К. Бакиевдин жарлыгы чыгып парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылды. Ошол эле жылы “Ак жол” аттуу партия “чукул төрөлүп”, башчьшыгына К. Бакиев өзү жетекчилик кылып, ошол эле замат жаңы парламенттик шайлоого бет алды. 2007-жылдын 16-декабрындагы болуп өткөн ал шайлоо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу пропорционалдык ыкма аркылуу жүргүзүлдү. Жарык дүйнөгө жаралганына эки ай араң толгон бийликчил партия “эң алдыга” озуп чыгып, жалпы 90 мандаттын 71 мандатына ээ болду. Бул көрүнүштү “шумдуктун төөсү накта жорго” болгон учур десек болот. Себеби, ушундай кыска аралыкта дүйнө жүзүндө эч бир партия мьшдай ийгиликке жетпептир. Ал тургай 1930-жылдары Адольф Гитлердин ашынган фашисттик партиясы дагы.

Парламенттин үчүнчү жолу меөнөтүнөн мурда таркатылышы

Кыргыз эли жогоркудай “өзүм билемдикке” кепке чыдаган жок. Арадан үч жыл етпей елкеде кайрадан (экинчи)  революция болду. Убактылуу екмет түзүлүп, аны жетектеген Роза Отунбаеванын декретинин негизинде 2007-жылдын декабрындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо мыйзам бузуулар менен келгени белгиленип, БШК 4-чакы-рылыштагы парламентгин ишмердүүлүгүн токтотуп, 2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдум өтүп, анын шартында ошол эле жылы күзүндө жаңы парламенттик шайлоо болуп өттү.

Парламент мөөнөтүнөн мурда төртүнчү жолу таркатылабы?

Ал эми ошол 5-, (өзгөчө) андан кийинки 6-чакырылыштагы парламенттик корпус Ө. Текебаевдин өзүмчүл идеясынан жаралган Баш мыйзамдын шарапаты менен накта “олигархиялык парламент” аталып, мурдагы чакырылыштагы парламенттик корпуска болгондой элдин симпатиясы аларга артмак тургай, тескерисинче көпчүлүктүн күн өткөн сайын аларга болгон кыжырдануусу калыңдап баратканы да турмуштун реалдуу чындыгы. (Алар канчалык чычаласа дагы бул чындык) Мурдагы чакырылыштарда көпчүлүк электорат парламенттик корпустун таркатылышына каршы чыгат, аларды колдоп келсе, азыр көпчүлүк бүгүнкү “эл өкүлдөрүнөн” кутула тажап турган чак. Эгерде, учурдагы башкы бийлик аларды мөөнөтүнөн мурда таратуу аракетин кокус жасаса, жамы журт эң жогорку бийликтин ал аракетин кош колдоп, кош колдоп эле эмес чексиз алкыштарын айтаары да турган иш. Анан калса кыргыз элине акылдуу, абийрдүү, таза, иш билги, элдин ырыскысынан ыксырап байыбаган, жалпы элдин сүй-мөнчүлүгүнө ээ болгон, бүгүнкү жүрүп жаткан өнүгүүнүн программаларына профессионалдуулугу менен колдоо көрсөткөн жаңы парламенттик корпустун болуусу бүгүнкү мезгилдин бирден-бир негизки талабы экени айныксыз факт! Мамлекеттин учурдагы башкы командачысы деле ойлойт болуш керек, ошентип?

Күлчоро Кабылов

Булак: Айгай Пресс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу