Күзүндө ашыкча салмактан кантип арылса болот?

Күз айы — ашыкча салмак таштоого арналган эң жакшы мезгил. Себеби жайында жемиш менен мөмөнүн витаминдерине тойгон адамдын күчү калыптуу болот экен.

Экинчиден, жайындагы дем алыштан кийин баардыгыбыз бир өзгөрүштүн болушун каалайбыз. Ошондуктан, бул убакытта ашыкча салмак таштоо жеңил болот. Ушул мезгилди 5-7 киллограм салмак таштоо үчүн көп күчтүн да кереги жок, болгону төмөндөгү кеңештер менен тааныш болсоңуз жетет.

Ашкабактын даны

Эгер ашкабактын данын 3 жума тамактануу рационуңузга кошсоңуз, ал арыктоого жардам берет. мисалы, кечки тамакты ашкабак даны менен алмаштырыңыз. Ал сизди ток кылып гана койбой А, В, С, Е жана К витаминдери менен камсыз кылып, териңизди жакшыртууга жардам берет.

Кызылча ширеси

Кызылча салмактан арылуу менен целлюлитти кетирүүгө жардам берерин билет чыгарсыз. Туурасы кызылчанын ширесин ичиңиз, ал ширеге алма же сабиз, же болбосо анар кошуп даярдаса да болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу