Күзгү стресске жол бербеңиз!

Жай айы аяктап, күз келди. Аба ырайы өзгөрүп, күн муздап баштады. Айлана сары алтынга айланып, биринчи каар да жаап айлананы акка боёду. Аба ырайы менен табияттагы бул өзгөрүштөр адамдын маанайына да таасир бере баштайт.

Күздү сагынычтын символуна теңегендер да бар. Психологдор ушул мезгил адамдын маанайы менен санаасына чоң таасир берерин айтышат. Себеби күздө адамдар көп стресске түшүшөт экен. Күзгү стресстин бир себеби — жайдары жай мезгили артта калып, күн сууду. Табияттагы ушундай өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам, ар ким өзүнүн башындагы түйшөлткөн маселелерди көп ойлоно башташат. Маанай түшүп, жумушка деген көңүлү болбой калат.

Өзгөчө аялдар коому стресске көбүрөк кабылышат. Тынчсызданып боло турган ишке да, болбой турган ишке да убайым сала беришет. Мындайдан алыс болуш керек. Адам психологиялык жактан аба ырайынын өзгөрүшүнө да даяр болушу кажет. Күзгү стресс менен кездешпөөнүн бир ыкмасы ушул. Ал эми психологдордун берген кеңеши кандай?

— Көчөдө жүргөндө да, жумушта да жылуу кийиниңиз;

— Кийим сатып алганда ачык түстөрдү тандаңыз. Жеке шкафыңызды иреттештирип, чаңдаган же болбосо батпай калгандарынан арылыңыз;

— Үй жыйнап, музыка угуңуз;

— План куруңуз, жайкы дем алышты унутуңуз;

— Таттуу кофе, татуу чай ичүү да күзгү стрессти алдын алат;

— Күндүн көзү көрүнбөгөнүнө карабастан, талаага чыгып, бой жазыңыз;

— Күнү бою имарат ичинде жүрсөңүз, жумуш ордунун жарык болушун камсыз кылыңыз;

— Эң башкысы күз мезгилинин кооздугун байқай билиңиз, көрө билиңиз;

— Күндүн алдында көп жүргөнгө тырышыңыз. Анткени күн нурлары адамдын көңүлүн көтөрө турган серотонин гормонунун бөлүнүшүнө жардам берет. Жылдын кайсы мезгили болсо да, маанайдын көтөрүңкү болушу, стресске жол бербейт. Кандайдыр бир маселелер көңүлдү түшүрсө да, маанайыңызды чөгөрбөңүз. Акыры бир жакшылык күтүп турганына ишениңиз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу