Күзгү модадагы айымдардын бут кийимдери…

Айымдар бут кийимди туура тандоо менен бир гана сымбаттуу болбостон, анын сулуулугун да ачмакчы. Ушул күздө кайсы бут кийимдер модада? Ушул тууралуу кеп кылмакчыбыз.

1.Түрдүү түстөгү замышы бут кийимдери. Мындай түрдөгү бут кийимдер күз айына абдан ылайыктуу келет. Себеби, бул түрдөгү туфлилер сапаты жана сыны жагынан талапка жооп берет.

2. Жапыс такалуу бут кийимдер. Эсиңиздерде болсо мындай формадагы туфлилер 1950-жылдары абдан модага айланган. Албетте, сиз бул түрдөгү бут кийимдерди кийүү менен шаар ичинде, кечки жолугушууларда кенен жүрө аласыз. Абдан ыңгайлуу.

3. Бантик менен кооздолгон туфли. Бул түрдөгү бут кийимдерди сиз тойго барарда же бирөө менен жолкканда кийип алсаңыз болот. Демейде, күнүмдүк образда да кийүүгө болот. Бирок, бир түстүү кийимдер менен айкалыштырып кийсеңиз туура болчудай.

4.Кызыл түстөгү бут кийимдер. Күз айынын эң белгилүү түстөрүнүн бири. Анткени күз айынын керемет кооздугу менен бирге кызыл түс абдан сонун айкалышат.

5.Такасы цилиндр формадагы туфлилер. Абдан табышмактуу жана күнүмдүк турмушта кенен колдонулган бут кийимдердин катарын толуктайт. Мындай классикалык образдагы туфлилер сиздин ажарыңызга көрк кошмокчу.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу