КҮБӨ: “ МАЕВСКИЙ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУУНУ КААЛАГАН”

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда анын жан сакчысы Нурбек Абдрахманов көрсөтмө берди. Ал Текебаев менен Леонид Маевский 2010-жылы май айында эмес августта “Супарадан” жолугушканын билдирди. Аларды маркум Талант Маматкеримов жолуктурганын кошумчалады күбө.

“Маевский Текебаевге орусиялык саясатчылар менен тааныштырууга сөз берген. Бирок биз эч качан Леонид Маевскийдин кеңсесине барган эмеспиз”,-деди ал.

Ошондой эле Абдрахманов Талант Маматкеримовдон  Маевский Алмазбек Атамбаев менен жолуктурууну суранганын укканын айтты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу