Кыңыр иштен дагы Сапар Исаковдун кулагы чыкты…

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуулар боюнча “Госзнак” фирмасы менен Мамлекеттик каттоо кызматына кылмыш ошин козгоду. Анда белгилүү болгондой, 2017 жылы 16 августта Мамкатто кызматы жарандык никелерди каттоочу иш кагазды бланктарды басып чыгаруу боюнча тендер жарыялаган. Бирок катышуучу тараптар чыкпагандыктан тендердин мөөнөтү узартылып, жыйынтыгында “Госзнак” ЖЧКсы 45 млн. 195 миң сом суммага ишти аткармакчы болуп арыз берген. Бирок алардын документтери тендердин техникалык талаптарына шайкеш келбегендиктен катышуудан алынып салынат.

Мамкаттоо кызматы 29-сентябрьда экинчи жолу тендер жарыялап, ага кайра эле “Госзнак” ЖЧКсы 45 млн. сом «Казак Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы”  26 млн.2 млн. сом, “Учкун” АККсы 17.8 млн. сом коюп катышышат.  Ошону менен 23-октябрда тендердик комиссия арыздарды ачууну белгилешет.  Бирок Мамкаттоо кызматына ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан бланктарды даярдоочу катары “Госзнак” ЖЧКсын көрсөткөн буйрук келет.

Жыйынтыгында, 2017-жылдын 28-ноябрында Мамкаттоо кызматы “Госзнак” менен келишим түзүп, тендердеги эң кымбат бааны көрсөткөндүгүнө карабай нике күбөлүктөрүн каттоо бланктарын басып чыгаруу укугун берет. Натыйжада мамлекет ири өлчөмдө зьшн тарткан.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу