Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: Кытай архивинде кыргыздарга тиешелүү өтө кызыктуу маалыматтар бар

Аз күн мурун Кытайдан келген тарыхчы, окумуштуулар менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуктунуздар, Китай архивиндеги тарыхый булактарды иликтөө аракетин ким сунуштаган, президент Сооронбай Жээнбековбу же тарыхчылар сиздерби?

-Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилине байланыштуу тарыхый жазма булактар негизинен Кытай Эл Республикасынын архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында сакталып келет. Эгемендүүлүккө чейин бул архивдик документтер менен негизинен орус окумуштуулары эмгектенип келишсе, эгемендүүлүк жылдары айрым архивдик документтер кытайлык кыргыз окумуштуулары тарабынан изилденип, которулуп жарыяланып келди. Бирок Кытайдагы архивдик документтер менен комплекстүү иштөө тууралуу тарыхчылардын сунуштары аткарылбай, каражат табылбай келди. Жакында эле, тактап айтканда 2018-жылдын 6-8-июнунда КРнын Президенти С.Ш Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарында Кытайдын архив, музей, китепканаларынан кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйноо демилгесин КЭР жетекчилиги колдоого алып, мүмкүнчүлүк түзүп берээрин билдиришкен. Президенттин мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча президент тарабынан 18-июнда бекитилген иш-чаралардын 34-пунктунда КЭРдеги архивдик документтер боюнча ишти жүзөгө ашыруу “Мурас” фондуна жүктөлгөн. Иш-чараны аткаруу боюнча “Мурас” Фондунун төрагасы К.С.Молдокасымов Бейжин шаарына барып, 27-июнда Кытай Илимдер Академиясынын Тарых институтунун Евразиялык изилдөө борборунун жетекчилиги, кызматкерлери менен жолугушуп талкуулап, макулдашып, аларды Бишкек шаарында өтүүчү PIACтын 61-отурумуна жана 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырган. Байыркы Кытай жазмасын мыкты билген кытайлык тажырыйбалуу окумуштуулар кыргыз тарыхына байланыштуу КЭРдеги архивдик документтерди биргелешип изилдөөгө макул болуп, Кыргызстана келишти. Эң башкысы Кыргызстанга келген кытайлык окумуштуулардын бардыгы эски кытай жазмасын мыкты билгендер жана кытай архивдеринде буга чейин изилдөө иштерин жүргүзүп келген тажрыйбалуу адистер. Изилдөө иштерин баштоо үчүн Кыргызстан тарап каражат маселесин чечип берүү турат. Ошентип Бейжинден келген окумуштууларды президент өзү кабыл алып, жылуу маанайдагы пикирлешүү болду. Бул алдыдагы иштин башталышы десек болот.

-Кытайда кыргыздарга тиешелүү кандай маалыматтар болушу мүмкүн?

-Кытайдагы архивдерде, музейлерде, китепканаларда кыргыздын байыркы тарыхына байланыштуу өтө кызыктуу тарыхый булактар бар. Негизинен биздин замандын 2 миңинчи жылынан баштап, 19-кылымга чейинки маалыматтар иликтенет.

-Иликтөө иштерин кыргыз тараптан кайсы тарыхчылар иликтейт, иликтөө иштерине мамлекеттин атайын каражат бөлүнөбү же Кытай тарап каржылайбы?

-Иликтөө иштерине азырынча кыргыз тарыхчыларынан аралашпайт. Анткени эски кытай жазмасын билген мыкты адистерибиз жокко эсе. Андыктан алгачкы ишти бизге мейман болуп келген тарыхчылар баштайт. Алардын арасында Кызыл-Суулук боордошубуз Жаркын Турсун деген мыкты тарыхчыбыз бар. Ал буга чейин эле бир катар жаңы маалыматгарды архивден таап, өз эмгегин жазып келген жана анын документтери буга чейинки жыйнактарда басылган. Президент менен жолугушууда керектүү каражат бөлүнөөрүн айтты.

-Буга чейин Казакстандын архивдерин аңтарып, экспрезидент Алмаз Атамбаевдин тегин сүрүштүрүп келген элеңиз, бул жолу да сиз баштаган тарыхчылар жакшы иш баштаганы турасыздар, тарыхты иликтөө боюнча активдүү иштеп жатканыңыздын себеби эмне?

-Албетте, Алматыдагы архивден буга чейин тарыхчылардын көңүл сыртында калган бир топ жаңы маалыматтарга туш болдум. Бирок бардыгын карап чыгууга убактым жеткен жок. Эми Өзбекстандын архивинде иштөөгө тарыхчыларга мүмкүнчүлүк ачылып отурат. Көптөн бери кошуна өлкөгө барып архив, китепканаларынан иштөө маселеси чечилбей келген. Өзбекстанга жаңы президенттин келиши менен чиеленишкен көп маслелелер четинен чечилип келет, анын ичинде архив маселеси. Мен убагында Ташкенттеги Өзбек Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде айлап отуруп иштеген учурум болгон. Курманжан даткага, Токтогул Сатылгановго, Байтик, Шабдан баатырларга жана башка баа жеткис материалдар менен ошол учурда таанышып чыгып, алгачкы эмгектерим, жаңы ачылыштарым жазыла баштаган. Эми кайрадан ал архивде ишимди улап, мындан 30 жыл мурда баштаган ишимди жыйынтыкташым керек. Ал жактан дагы көптөгөн жаңы маалыматтар табылаарына ишенем. Анан албетте кытайлык кесиптештер менен иш алып баруу да азыр жетектеп жаткан «Мурас» фондуна жүктөлгөн. Алдыда көп иштер күтүп жатат.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу