Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусун артка тартууда

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин ишмердиги көңүлгө толбой атканы жашыруун эмес. Облустун экономикалык-социалдык көйгөйлөрүнө тиши өтпөгөнү, тажрыйбасы, билими жетишсиз болуп атканы өкүндүрүүдө. Мындай кадрлар кайып каскагынан эле жердешчиликтин айынан келип калып, натыйжалуу көрсөткүчтөрдү жарата албаса да отура беребизби? Ушу тапта Жалал-Абадда саясий кырдаал чыңалып, элдин көтөрүлүп кетүүсү күтүлүп атса, бир жагынан жазгы талаа жумуштары кычаган мезгил. Кыян эргул болсо эл менен ичкериден тыгыз иштешүүнүн ордуна, борбордук бийликтен кандай тапшырма болорун күтүп отурат. Аргасыздан  баш чайкайсың. Айтмакчы, бу жигит Майлы-сууда иштеп жүргөндө жергиликтүү «атажуртчу» балдардан таяк жегени айтылууда. Азыр губернатор болуп турса дагы, ошол аталган аймакка баруудан айбыгып турат экен. Музоо кезинде сүздүрүп койсо оңойбу? Кыскасы, ушундай кадр кантип элдин жүгүн аркалайт?

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу