Кыянбек Сатыбалдиевдин Жалал-Абадда аброю «нөл» экен

Буга чейин «диплому чала» деп сындалып келген өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин кашаңдыгы, иш билбеген мажирөөлүгү
боюнча көп жазылды. Аталган облуста жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо КСДП
уттуруп келгенин билебиз. Себебин түшүнүп атасыңар да. Башчысы жарыбаса, эли
тескери кетет тура. Эми алдыда президенттик шайлоо. Мындай шартта саясатташкан
облуска ишбилги, чыйрак губернатор болбосо, кырдаал чындап эле тескери жагына
оойт. Учурда Кыянбектин тажрыйбасыздыгы, уюштуруучулук жөндөмүнүн жетишсиздиги
жагынан нааразычылыктар айтылып, жергиликтүү жетекчилер жогору жакка үндөрүн
жеткизе албай жатышыптыр. Айтмакчы, жакында КСДПнын түштүк региону боюнча штаб
башчысы Икрам Илмиянов Жалал-Абадды кыдырып, акимдер, жергиликтүү активисттер
менен жолугушуп, бирок губернатор Сатыбалдиевди киши катары да көрбөй, аны эч бир
жыйынга чакырбаптыр. Дал ушул жерден эле ачык байкалып атпайбы, Жалал-Абадды
кандай «чоркок» адамга башкартып алышканын…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу