Кышында терини кантип сакташ керек?

Косметологдор кышында бет терини күтүү үчүн нымдаштырган крем сүйкөп, бетке массаж жасап, жакшы тамактанууга кеңеш беришет.

Эшикке чыгардан 20 мүнөт мурун бети менен колго майлуу крем сүйкөп алыңыз. Бул кремдердин курамында E жана F витаминдери болгону жакшы. Ошондой эле, боёнуп чыгыш керек. Беттеги боёк бет терисин коргоонун эң жакшы ыкмасы.

Ошону менен катар күндө жеп жаткан тамактардын тизмегинде майлуу балыктын түрлөрү, сары май, эт болгону оң. Кышында майдан баш тартпаш керек дейт косметологдор.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу