Кышында кошкон ашыкча салмактан арылууга убакыт келди!

Жаз келип, күндүн көзү көрүнө баштайт. Бул да болсо, биз кааласак жана каалабасак дагы биздин энергиянын түшүүсүнө себеп болот. Күз айы бүтүп, кыш келген убакта аба муздап, сууктан терибиз коргонуу айласын издей баштайт. Алган энергиябызды колдонуп жатып, организмдеги зат алмашуу процессинин жай айлануусуна себеп болот.

Зат алмашууну күчтөндүрүүнүн жолдору

Эртең менен туруп эле дароо тамактануу туура эмес. Ал дегенибиз ойгонгондон кийин жок дегенде бир саат аралыкта тамактануу, организмиңиздеги зат алмашууну отуз пайызга жакшыртат.

Убакты саатында тамактанбоо

Зат алмашуунун бузулуусунун бирден-бир себеби, убакты саатында тамактанбоо болуп саналат. Мисалга, эртең мененки, түшкү же кечки тамакты убагында ичпөө. Ошондуктан, колдон келсе убакты сааты менен тамактанган жакшы.

Зат алмашууну күчтөндүргөн чай

Корица жана имбирь зат алмашууну жакшыртуучу мыкты каражат. Анын жанына С витамини-лимонду кошуп койсоңуз ашыкча кылбас. Ал үчүн бир стакан кайнак сууга бир тилим имбирь, бир даана корица жана эки тилим лимонду салып, он мүнөт демдеп, чай кылып ичүү керек.

С витамини энергия берет

С витамини сизге энергия берип, зат алмашууну жакшыртуучу мыкты каражат болуп саналат. Өзгөчө, аба-ырайы алмашканда аны колдонуу өтө пайдалуу. Мисалга, күнүнө бир даана апельсин жана грейпфрут жеген жетиштүү.

Суу

Күнүнө он стакан суу ичүү менен бирге сиз организмдин зат алмашуусун жакшыртып, ашыкча майлардан арылган болосуз.

Кыш келди деп машыгууну токтотуп койбоңуз

Кыш келди, эшикте аба-ырайы суук деп спорт менен машыгууну токтотуп койгон туура эмес. Жок дегенде күнүнө 30-40 мүнөт жөө жүрүп, зат алмашуу процессин жакшырткан болосуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу