Кытайлык күйөөсүнөн зомбулук көргөн кыз мекенине кайтты

Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу келин күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган.

19- февралда ал Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайткан. Өзбек консулу Бабур Яхёевдин айтымында, Саида учурда үйүндө. Буга чейин кордук көргөнүн билдирген кыз социалдык түйүндөр аркылуу журналисттерден жардам сураган.

Саиданын айтымында, күйөөсү аны бир жума жууна турган бөлмөдө камап койгон. Ур-токмоктон тышкары сексуалдык зомбулук көрсөткөн.

Кыз үй-бүлөсүндөгү каржы маселесинен улам кытай жаранына турмушка чыкканын мойнуна алган. Күйөөсүн нике агенттигинин жардамы менен тапкан. Саиданын окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Маалыматтарга караганда, Кытайдагы Өзбекстандын элчилиги кызды издеп таап, коргоп калган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу