Кытайда кыргыз интеллигенттери да кармалган (тизме)

Кытайда кармалган кыргыздардын арасында интеллигенция өкүлдөрү да бар. Бул тууралуу кытайлык кыргыздардын туугандары президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда билдиришкен.

Анда Шинжаң аймагында “кайра тарбиялоо лагерлеринде” 50 миңге чукул кыргыз негизсиз кармалып олтурат. Катарында интеллигенция өкүлдөрү да бар деп айтылат.

“Интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуулар, ал эми катардагы кыргыздардан Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпэмет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакуновдор камакта олтурат”, — деп жазылат.

Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети алардын абалы тууралуу айтып, бошотуу үчүн жардам сурап фейсбук баракчасында билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, учурда Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу