Кытайда интим-насыялар пайда болуп, аларды жаштар көп алууда

Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган.

Кытайда кредиторлор карыз берүүнүн ойго келбеген ыкмасын таап чыккандыгын South Metropolis Daily порталы жазып чыкты.

Эми алар насыяны жашыруун, интимдик сүрөттөрүн күрөөгө алып бере баштаган. Карыз акча алам дегендер паспорт менен жылаңач түшкөн сүрөтүн кошо жибериши керектиги айтылат. Эгерде ал карызын учурунда төлөй албаса, анда «банк» «каармандын» сүрөтүн ата-энесине берип же социалдык тармакка жарыялап жибериши мүмкүн.

Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган. Карыздын үстөк пайызы жумасына 30 пайыз болсо, өлкөдөгү керектөө насыянын үстөк акчасы 24 пайыз экендигин жазышты. Берилген акчанын көлөмү 500дөн 5 миң юанга чейин жетет.Сүрөттөрдү алмашуу интернетте мессенджер аркылуу жүрөт. Бир катар маалыматтарга караганда, интим-насыяны 30 миңге жакын кытайлык жаштар алган.

Кээ бир учурларда жаман ниеттеги «банктар» кыздар карызын кайтаргандан кийин деле сүрөттөрдү социалдык тармакка чыгарып салган. Жакында эле 10 Гбайт көлөмүндө жылаңач сүрөттөр чыгып кеткенде бийлик андай уюмдарды жабууга аракет кылган.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу