Кытайдан келген товарлардын баасы туура эмес көрсөтүлөт

Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Бажы кызматынын төрагасы
Азамат Сулайманов Казакстан импорт боюнча туура эмес маалымат берүүдө билдирди.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев
Арменияда өткөн ЕАЭБтин жыйынында “Кыргызстанда
контрабанда жолу менен өткөн кытай импорту
Казакстандын бюджетин оор жоготууларга алып
келип жатат” –деп айткан.
«Бирок, Кытай менен Кыргызстандын бажы төлөмдөрү
ар башка. Бирдей статистика жок. Биз ЕАЭБке
киргенге чейин кытай импортунун көлөмү бир топко
жогору эле. Контрабанда деп айтуу да туура эмес.
Кытайдан келген товарлардын баары катталат. Бирок,
баасы туура эмес көрсөтүлөт», – деп билдирди Азамат Сулайманов.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу