Кытайга эшектин терисин мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Кыргызстандан Кытайга мыйзамдуу декларациядан өтпөгөн, жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн эшектин териси чыгарылып кетип жатканы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

“МАN” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаадагы контрабандалык товар документтерде тери ондатырдыкы катары катталган. Фактыны “Нарын” бажысынын кызматкерлери “Торугарт” алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында кармашты. Алынган терилердин наркы 10 миң доллардан кымбат болгону үчүн иштин материалдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Нарын облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө башталды.

2018-жылы Кыргызстандан Кытайга канча эшек экспорттолгону тууралуу маалымат жок. 2017-жылы коңшу өлкөгө 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыккан. Расмий эмес булактар бул көрсөткүч алты-жети эсе көп экенин айтышат. Эшекти ээсинен мыйзамсыз сатып алгандар менен кошо аларды уурдап саткандар көбөйгөн.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу