Жыйынтыгында 16 катышуучунун ар бири ардак грамота жана 30 миң сом менен сыйланышты. 1-орунга 150 миң сом каралып, аны Айбек Калиев (Казакстан) менен Баян Акматов илип кетти. 2-орундагы 100 миң сомду Аспанбек Маратов (Казакстан) менен Кубат Түкешов, 3-орундагы 80 миң сом байгени Биржан Байту (Казакстан) менен Азамат Болгонбаев утуп алышты.
Эске салсак, эл аралык айтышка Казакстан менен Кыргызстандын 16 төкмө акыны катышып, алардын ичинен финалга 8 акын чыккан.
Булак: Govori.tv