Кыргыз өлкөсү медалдар боюнча Жайкы Азия оюндарындагы рекордун жаңылады (тизме)

Азыркы тапта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз спортчулары 16 медаль тагынып, Азиаданын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

Кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын 8 күнүндө 2 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль тагынышты. Бул Азия оюндарындагы өлкөнүн эң жогорку көрсөткүчү.

Алтын медалдары: Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу), Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Күмүш медалдары: Магомед Мусаев (эркин күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) жана Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу).

Коло медалдары: Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Амантур Исраилов (грек-рим күрөшү), Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү),Иззат Артыков (оор атлетика), Абдурахман Муртазалиев (жиу-житсу), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Жолдошбек Акимканов (пенчак силат) жана Данияр Токуров (пенчак силат).

Кыргыз спортчулары Азия оюндарында 1994-жылдан бери катышып келе жатат. Кыргыздардын эң ийгиликтүү Азия оюндары 2002-жылы болгон. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн мелдеште Кыргыз спортчулар 12 медалга ээ болуп, анын 2си алтын, 4ү күмүш жана 6 медаль коло болгон.

1994-жылы Японияда өткөн оюндарда Кыргыз спортчулары 9 медаль (4 күмүш жана 5 коло медаль) утушкан;

1998-жылы Таиландда өткөн оюндарда 6 медалга (3 күмүш жана 3 коло медаль) ээ болушкан;

2006-жылы Катарда өткөн оюндарда 8 медаль (2 күмүш жана 4 коло медаль) багындырышкан;

2010-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль) утушкан;

2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарында 6 медаль (2 күмүш жана 4 коло медаль) тагынышкан.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу