“Кыргыз темир жолу” вагон алуудан акча жасайбы?

Мамлекеттик “Кыргыз темир жолу” ишканасы Кыргыз-орус енүктүрүү фондунун акчасына
150 вагон сатып алууда. Бул боюнча тендер өтүп, жеңүүчү компания менен келишим
түзүлүү алдында турат. Тендерге 4 компания катышып, Казакстандын “ЗИКСТО”
компаниясы жеңүүчү деп табылган. 435 миллион сомго жаңы алынчу 150 вагон Жалал-
Абад темир жол станциясына берилет. Ошондо бир вагон дээрлик 3 миллион сомдун
тегерегинде алынат. Бул ашыкча кымбат десек болот. Сыягы, тендердин теңин бер деген
көрүнүш токтобойт көрүнөт.

Аталган фонд 2015-жылы кыргыз мамлекети Бажы союзуна кирүү алдында түзүлгөн.
Максаты – кыргыз экономикасында артыкчылык берилген тармактарды: агрардык өнөр
жай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылоо эле.
Фонддун акчасы вагондорду жаңылоого бөлүнөөрү ал кезде айтылган эмес.

“Кыргыз темир жолу” фонддон алынган 435 миллион сомго темир жол
инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүлүп жатканын белгилөөдө. Жүк ташуучу вагон
сатып алуудан тышкары тийиштүү техникалар жаңыланат. Бул жүк ташууда чыгымды,
убакытты үнөмдөйт деп эсептейт мекеме.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасы жылына 7
миллион тоннадан ашык жүк ташыйт. Өлкөдө темир жол менен жук ташуунун көлөмү
жогорулап жатканын бул Кыргыз Республикасынын Орусия, Казакстан өңдүү
өнөктөштөрүндө экономиканын өсүшүнө байланыштуу экенин буга чейин Транспорт
жана жолдор министрлиги маалымдаган. Ал эми депутаттар өлкөнүн түштүк
аймагындагы дыйкандар вагон жоктугунан өндүргөн продукциясын экспорттой албай,
айына 80-90 миң тонна жүк сыртка чыгарылбай жатканын парламенттен көтөрүшкөнү
белгилүү. Расмий маалыматка ылайык, СССР маалында “Кыргыз темир жолунда” 2300
вагон болсо, бүгүнкү күндө 616 гана вагон калган. Калгандары мөөнөтү бүтүп,
колдонуудан чыгарылган. Бул өңүттөн караганда 150 вагон дыйкандардын түйшүгүн чын
эле жеңилдетиши мүмкүн.

Расмий маалыматтарга таянсак, фонд түзүлгөндөн бери 690дон ашык долбоорго 221
миллион доллар суммасында кредит берген. Демек, акчанын жарымынан көбү али
иштетиле элек. Берилген насыялардын 28 пайызы агрардык өндүрүш тармагына
жумшалса, Казакстан, Өзбекстан өңдүү Борбордук Азиядагы бир топ өлкөлөргө
Караганда алдыда бараткан текстиль тармагына жалпы берилген насыянын 6 пайызы
гана туура келет. Кайра иштетүүгө 10 пайыз, энергетика тармагына 3 пайыз туура
келээри белгилүү болду.

Өлкөнүн экономикасын реалдуу көтөрүүчү тармактар боюнча насыя берүүлөр аз экенин
статистика көрсөтүүдө. Фонд башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов Кыргыздын ар
бир жаранында фонддон 5 пайыздык насыяны алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, насыялар
жумуш ордун түзүүчү, киреше алып келүүчү тармактарга берилээрин билдирди.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу