Кыргыз телесериялын ютуб каналынан көрүүчүлөрдүн саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу сериалдын башкы каарманы ырчы, актриса Самара Каримова өзүнүн фейсбук баракчасынан бөлүштү.
Сериалдын ютубка жүктөлгөнүнө аз убакыт өтпөй көрүүчүлөрдүн саны 1 миллиондон ашкан. «Акшоола сериалыбыз ютубда рекорд койду. Урааа» — деп жазды ырчы.
Эске салсак сериал КТРКдан 15-октябрдан баштап көрсөтүлө баштаган. Ал эми ютубка 22-октябрдан баштап жүктөлө баштаган.
БУЛАК: barometr.kg