Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчиси Болот Отунбаев Финляндиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

А. Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Россия Федерациясынын Москва шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финляндия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу