Кыргыз парламентинин көркүн ачкан, сулуу жана сексуалдуу депутат айымдар

Элвира Сурабалдиева сулуу жана сексуалдуу айым

 

Жыргалбек Сурабалдиевдин чүрөктөй болгон Сурабалдиева Элвира аттуу кызы СДПК партиясынан депутат болуп келген. Атасы каза болгондон тарта «Кудайберген» базарын жетектеп келе жатат. Учурда 39 жашта. 1978-жылы 23-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинен алып келген. Ошондуктан англис тилинде түш жооруйт десек болот. Элвира сулуу «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны жактырат. Бош убактысы боло калганда китепти көп окуйт. Анын сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы, кылыктанганынын өзү эле сексуалдуу – деп баа бердик.

 

Лунара Мамытова да кем калбайт

 

Лунара Мамытова жаш жаңы депутат айым. 1985-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2006-жылы ОшМУнун «Тарых» факультетин, 2009-жылы Юридикалык факультетин аяктаган. КТРКда диктор болуп иштеп жүрүп, «Бир бол» партиясынан депутат болуп келип отурат. Лунара айым да ажарлуу депутат айымдардын катарында. Өң десе өңү бар, сулуу десе – сулуу, «фигурасы» да мыкты Лунарага кыргыз эли ажарлуу жаш депутат айым деп билишет. Азыркы маалда Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштөөдө.
Айсулуу Мамашева депутат айымдардын эң кенжеси

 

Турусбек Мамашевдин кызы, «Дасмия» компаниясынын Президенти Айсулуу Мамашева «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп келди. 1988-жылы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Айсулуу, атына – заты жарашкан айдай сулуу жаш депутат.
Ашэра Халикова 4 баланын энеси

 

Ажарлуу депутат Ашэра Халикова СДПК партиясынан депутат болду. Ашэра айым 4 баланын энеси болгонуна карабастан өзүн мыкты алып жүргөн айымдардын катарында. Ал 1974-жылы Чүй облусундагы Искра айылында төрөлгөн. Ашэра айым да кээ бир депутат айымдар сыяктуу маркум жолдошунун ишин улантып, 4 баласын өзү тарбиялап келет. Былтыр жайында бул айым дагы мандатын тапшырган.

Махабат Мавлянова – саясаттагы жаңы жүз

 

«Республика-Ата-Журт» партиясынын дагы бир сулуу жаш депутат айымы Махабат Мавлянова «Алтын Казына» ресторанынын, «Maryotel» мейманканасынын директору. Өзү Ош шаарында чоңойгон. Учурда 3 кызды тарбиялап жаткан чагы. Махабат айым учурдун эң ийгиликтүү, ишкер айымдарынын бири. Акыркы учурларда Махабатт айымдын супсулуу болгон жүзүн журнал беттеринен байма-бай көрүп калдык. Өзүн каранган айым дайыма сулуу, – дептир бир ойчул. Өзүн дайыма карап жүргөн Махабат айымды бул жолу жаш анан сексуалдуу, сулуу айымдардын тизмесине киргиздик

Булак:anan.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу