КЫРГЫЗ-ОРУС ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ БАБАНОВ МЕНЕН АТАМБАЕВДИ БАЙЫТЫШ ҮЧҮН АЧЫЛДЫ БЕЛЕ?

Кыргызстанда аты бар бирок заты жок, кыйратып кылган иши жок кыргыз-орус өнүктүрүү фонду деген бар. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишине депутаттардын ичи чыкпай, бир топ сындарды айтышканы менен КСДПнын ишенимдүү кишиси Кубанычбек Кулматов жетектеген бул фонддун кылы да кыйшайбай, ар нерсенин башын айтып кутулганы баарына маалым. ЖКнын жыйынында Экономика министрлиги деле бул фонддун түзүлгөнүнө 1,5 жыл болгону менен кандай алгылыктуу иштер жасалганын айтып бере алган эмес. Көрсө министрликтин какап-чакап жатканынын сыры башка жакта окшобойбу.

Эми бул фонддун кимге кандай кызмат кылып жатканы коомчулукта ачыкка чыга баштады.

Бүгүн айрым маалымат булактарында негиздөөчүсү «Кыргызавтомаш» фирмасы болгон «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы менен аталган фонд келишимге кол койгону тууралуу маалымат чыкты.

Качандыр бир убакта президент Алмазбек Атамбаев жетектеген «Кыргызавтомаш» ААКсына канча каражат берилгени азырынча белгисиз бойдон калууда, бирок бөлүнгөн акчаларга жаңы жабдуулар сатылып алынары белгилүү болду.

Учурда бул корпорацияга кирген ишканаларды ажонун уулдары башкарары белгилүү: Сейитбек Атамбаев («Автомаш-Энерго» ЖЧКсы) жана Сейтек Атамбаев («Автомаш-Экол» ЖЧКсы).

Ошондой эле 1997-жылдан 2004-жылга чейин «Кыргызавтомаштагы» жогорку кызматында учурдагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов иштеп кеткени да белгилүү.

Ал эми жакында эле “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дагы дал ушул фонддон “Азия Молл” соода борборунун курулуш иштерин бүтүрүү үчүн 17 миллион доллар алганы тууралуу маалыматтар тараган.

Фонддун уставына ылайык, каражат ишкерлерди колдоо үчүн, экономиканын приоритеттүү болгон тармактарына берилери жазылган. Ошондой эле каражаттар саясатка тиешеси бар адамдарга, ишканаларга каражат бербеши керек эле.

Айына 15 миң доллар насыя алган фонддун жетекчиси Кулматов депутаттарды тоготпой келгени “крышасынын” күчтүүлүгүнөн окшобойбу.

“Аташкасынын” уулдары жетектеген ишканаларга жана ЖКдагы фракция лидерине ири суммадагы каражаттын берилиши балким Кулматовдун дарегине канча сын айтылса дагы кызматтык ордунда бек отурганынын сыры болуп жүрбөсүн?

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу