Чек ара кытай тараптын демилгеси менен жабылууда
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Ага ылайык, чек ара 30-декабрдан 1-январга чейин жабык болот. 2-январдан тарта кадимки калыбында иштей баштайт.
Кытай тарап чек араны Жаңы жыл майрамдарынан улам жабууну демилгелеген.
Булак: sputnik.kg