КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ БИР ЖУМАГА ЖАБЫЛАТ.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиршкендей, Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы 2018-жылдын 15-февралынан 21-февралына чейин убактылуу жабылат.

Маалым болгондой, Кытайда улуттук Жаз майрамы белгиленип жатканына байланыштуу “Торугарт унаа жолу” менен “Эркеч-Там унаа жолу” көзөмөл өткөрүү жайында 15-февралдан 21-февралга чейин жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Көзөмөл өткөрүү жайларынын кызматы 22-февралда күнүмдүк нукта жүрөт.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу