Кыргыз кызы Нази Маатказиева «Miss Asia Russia-2017» сынагында финалга чыкты

Кыргыз кызы Нази Маатказиева «Miss Asia Russia-2017» сынагынын финалына чыкты. Буга чейин анын катышуучуларына онлайн добуш берүү жүргүзүлгөндүгүн Мисс Медиа эл аралык порталы жазды.

Маалыматта жазылгандай, сынактын финалы 14-декабрда өтөт. Ага Орусия, Кытай, Казакстан, Монголия, Непал, Вьетнам жана Кыргыз өлкөсүнөн финалга чыккан 15 бийкеч катышат.

Эл аралык маданий фестиваль-сынак Москвада өтөт. Уюштуруучулар азиат түспөлүндөгү бийкечтердин, аялдардын табигый сулуулугун даңазалоону, интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө үндөөнү, коомдук иштерге активдүү катышууга чакырууну максат кылган. Сынак-фестивалдын алкагында катышуучуларга жаштардын жашоого болгон жекече көз карашын калыптандыруу, жеке жашоосунда жана жумушунда ийгиликтерге жетишүү, ыйман жана сергек жашоо тууралуу айтылат.

Фестивалга катышып жаткан 20 жаштагы Нази Маатказиева буга чейин «Кыргыз өлкөсүнүн сулуу кызы» деп аталган сынакка катышып, биринчи вице-мисс наамын жеңип алган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу