Кыргыз кыздарынын жүрөгүнө чок салган түрк актёрлору

Акыркы учурларда Түркия көпчүлүктүн көңүлүн бурган мыкты кино тасмаларды
жаратып келет. Ар бир киносунда башка каармандын образын жараткан чымыр денелүү
жигиттер далай кыздардын көңүл чордонуна айланып, мыктылыктарын арттырып
келүүдө. Түрк актёрлорунун сулуулугуна, талантына баа берген кыргыз кыздары да
арбын. Ошондуктан биз кыздардын жүрөгүнө чок салган түрк актёрлорунун бир
катарына токтолдук.

Бурак Озчивит

“Түбөлүктүү сүйүү киносунда башкы каарман
Кемалдын ролун аткарып, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган Бурак Озчивит . Ал азыркы
учурда өз түгөйүн таап, бактылуу жашоодо жашап жатса да, ага көз артып, көз жаш төккөн
кыздардын арты тыйыла элек. Кара көздүү Бурак Озчивит 1984-жылы 24-декабрда Стамбул
шаарында жарык дүйнөгө келген.

Аднан Коч

“ Даңазалуу доор” кино тасмасында Бехрам-пашанын
образын жараткан. Мындан сырткары түрк тасмаларында
роль жаратып, сыйкырдуу көздөрү менен далай кыздарды
өзүнө тартып келет. Ал 1981-жылы 26-июнда туулган.

 

Халит Эргенч

“Даңазалуу доор” кино тасмасынын эң башкы
каарманы Халит Эргенч. Ал бир топ кино
тасмаларда роль жаратып, мыкты чеберчилиги
менен башка актерлордон айырмаланып келет.
Ал өз сүйүктүүсүн кино талаасынан тапканы
менен белгилүү. Халит Эргенч 1970-жылы 30-
апрелде Стамбул шаарында туулган.

Гюрбей Илери

“Даңазалуу доор” кино тасмасында Сулейман султандын эң жакшы көргөн жубайы Хуремдин тун
баласынын ролун жаратып, өз чыгармачылыгын түптөй алган. Ал 1988-жылы 13- февралда Стамбул
шаарында туулган.

Кыванч Татлытуга

“Тыюу салынган сүйүү” кино тасмасында роль
жаратып, өз чеберчилигин мыкты көрсөткөн түрк актёру. Ал буга чейин көптөгөн кино тасмаларында
роль жаратып, өз атактуулугун арттыра алган. Аны көпчүлүк саргыл чачтуу, көк көздүү сулуу жигит
деп сыпатташат. Ал 1983-жылы 27-октябрда Адана шаарында туулган.

Мехмет Гюнсюр

“ Даңазалуу доор” кино тасмасында Сулейман
Султан менен Махидеврандын тун уулунун ролун жараткан. Ал тасмада эр жүрөк, элим, жерим деген
жигиттин образын жарата алган. Аны түрк басылмалары келечектүү актёр деп айтып келишет. Ал
1975-жылы 8-майда Стамбул шаарында туулган.

Окан Ялабык

“ Даңазалуу доор” кино тасмасында Сулейман Султандын
башкы ишенген кол башчысынын жана күйөө баласынын,
мындан сырткары ички душманынын образын мыкты ачып
бергендиги менен элдин эсинде. Ал 1978-жылы 13-декабрда
Стамбул шаарында туулган.

Бурак Дениз

“Сен экөөбүз” “Сүйүү сөздөрүнө түшүнө бербейт” деген кино тасмаларда башкы каармандын образын
жаратып, мыкты чеберчилиги менен айырмаланып келет. Азыркы учурда Бурак Дениз Түркиянын
мыкты актёрлорунун катарын толуктайт. Ал 1989-жылы 20-октябрда Стамбул шаарында туулган.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу