Кыргыз бийлиги үчүн чак түштөгү чагылгандай болгон Чехиядан тараган “жагымдуу” кабар

Кыргызстанда өкмөт башчы алмашар күнү алыскы Чехиядан Ак үй үчүн өтө чоң
“сюрприз” жөнөтүлдү. Анткени Прагадагы белгилүү “Лидове Новины” деген гезит
Президенттик аппаратынын башчысы, ана-мына өкмөт башчылык такка олтуруп,
Кыргызстандын жарым падышасы болот деген Сапар Исаковдун коррупция жана акча
адалдоого аралашкан былык иштерин жазып чыкты. Аталган гезиттин маалымдашынча,
Чехиянын атайын кызматтары жакында эле Кыргызстанда Жогорку-Нарын ГЭС
каскаддарын бир нече кичи ГЭСтер менен курмакчы болгон ишканасынын
алдамчылыгына тиешеси бар экендигин иликтеп жатыптыр. Чехиядан тараган бул
“жагымдуу” кабар кыргыз бийлиги үчүн чак түштөгү чагылгандай эле болду. Алдын ала
берилген маалымат боюнча, С.Исаков өзү “банкрот” болгон ишкананы кандай “сыйкыр”
менен миллиарддаган акчаны талап кылган долбоорго аралаштыргандыгынын себеби
ого бетер чуулгандуу экен. Көрсө, Кумтөр алтын кенин Бриштейн сыяктуу эле эл аралык
шылуундар ээлеп алгандай, бизде ГЭС куруунун артында да Кытай туруптур. Ал эми
«Лигласс Трейдингдин» жөн гана аты колдонулат экен. Ал эми Кытай Нарын облусунун
аймагындагы ири темир кендерине да көз артып келүүдө. Адатта ушак, имиш же
буюртма материал эмес, чындыкты жазган европалык гезиттин бул маалыматтары чын
болсо, анда бүтүндөй кыргыз бийлиги мамлекетибизге чыккынчылык кылган болуп
атпайбы.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу