“КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУН” МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей “Кыргызтелекомдун” мурдагы жетекчиси Эмиль Эшеналиевге кылмыш иши козголду.

Маалым болгондой, ага  “Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө версиясында Эшеналиев “Кыргызтелекомду” жетектеп турган кезде Казакстанда интернет-трафиги кымбаттады деген жүйө менен биздин өлкөдө интернет баасын дээрлик 3 эсе жогорулаткан.

Жыйынтыгында, мамлекетке 650 миң доллар суммасында зыян келтирилди.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу