«КЫРГЫЗСТАН», «ЭМГЕК», «ЗАМАНДАШ» ПАРТИЯЛАРЫ БИРИККЕНИ ЖАТАБЫ?

Тар чөйрөдө ушундай кеп кетти. Аттары аталган партиялар президенттик шайлоого  карата бир максатта  биригүү боюнча тымызын сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр.  Кыязы үч партиянын лидерлери тең мындай биргүүнү эп көрүп, маселенин аркы-берки чоо жайын талкуулап жатышканы айтылат.  Эгер бул партиялар бириксе,  кыргыз саясатында  оңой эмес орун табышаары бышык.  Ошентип, үчөө чоң партияга айланса, анда президенттикке ат салышкан саясатчылар булар менен кыйла эсептешип калат го?  Мындай да болушу мүмкүн.  Бирикпей калса, үчөө үч жерде калаары  да турган иш десек деле болот. Азырынча бул идея кимге таандык экени да белгисиз. Мындай жаңылыкты «Чагылган»  сайты жазып чыкты..

Булак: Фабула

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу