Кыргызстан футболчуларын кантип тосуп алат? «Ала-Тоо» аянтындагы иш-чара

Ири программадагы концерт саат 14.00дө башталат. Ал эми футболчулар аянтка бир сааттан кийин келмекчи.

Бириккен Араб Эмирлигинен кайткан курама команданы тосуп алчу күйөрмандар буга чейин айтылгандай «Манас» аэропортуна эмес, «Ала-Тоо» аянтына чакырылат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Эскерте кетсек, 24-январда Азия кубогунан келчү спортчуларды тосуп алуу үчүн каалоочулар таңкы саат 4.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулуп, андан ары «Манас» аэропортуна бармак.

«Таң эрте аэропортко баруу күйөрмандардын басымдуу бөлүгү үчүн ыңгайсыз экенин эске алып, агенттик элди борбордук аянтка чогултууну эп көрдү. Жолугушуу саат 15.00дө башталып, ири программадагы концерт менен коштолот», — дешти агенттиктен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып, плей-оффко чейин жетти.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу