“Кыргызстан” партиясы аялдарды сүзүп салат…Мусаевдин ”апасы” Канат Исаевби?…

“Кыргызстан” парламенттик фракциясы 11 айдан бери ишке келбеген Насыр Мусаевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси менен Төрагага кат жазышып, ал кат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук жана регламент боюнча комитетине жолдонгонун фракция лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Дээрлик 1 жылдан бери ишке келбеген парламент депутаты Насыр Мусаев коомчулукту канчалык нааразы кылбасын, бакандай Жогорку Кеңеш оозуна талкан салгансып үн катпай “мемирешкени мемирешкен”

КР мыйзамын бузуп аткан Мусаевди, Канат Исаев ачыктан-ачык коргоп чыкканы белгилүү. Депутаттардын жүрүм-турумун караган Регламент комитети кайда карап жүрөт деп ач-айкырык салсак, көрсө коргоочусу Канат Исаев так ушул комитетте мүчө экен.

Баары түшүнүктүү… Демек, Мусаевдин иши “бармак басты, көз кысты” болуп калса, аталган комитеттин ишине деле таң калбайбыз. Мандатты сактап калыш үчүн Мусаевдин тарапташтары айрым депутаттарды сатып алууга жандалбастап жүрүшкөнү да маалым болууда.

Саясый коррупция жыттанган бул иш ачыкталса, анда бүтүндөй парламенттин беделине оор сокку урулаары турган иш. Иштебеген токмоктук бай депутатка ызырынган чүйлүктөр эми Мусаевдин иши боюнча президент Жээнбековго кайрылуу менен чыгышаары каңкууланды.

Аталган комитеттин Канат Керезбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Алмамбет Шыкмаматов, Курманкул Зулушев, Исхак Масалиев сыяктуу мүчөлөрү жогорудагыдай көз-көрүнө акыйкатсыз ишке олуттуу баа бергенге жарашаар…

Эгерде Насыр Мусаевдин мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулса, мыйзамдуу тизме боюнча депутат болуп учурда “Кыргызстан” фракциясынын сектор башчысы, партиялык курулушту кенедейинен терең өздөштүргөн Сары-Өзөн-Чүйдүн кызы, Кетмен-Төбөнүн келини Айнура Аскарованын келери күтүлүүдө.

Баса, бул фракцияда бир да аял депутат жок экенин, Аскарова жападан жалгыз депутат айым болоорун эске алсак, кадимки “алкомагнат”, олигарх Шаки негиздеген партия гендердик балансты, мыйзамдуулукту сактап, оңолуу жолуна түшкөндөй… Болсун дейли… Болбосо, чыркыратып эле айым депутаттарды кууп чыккан жагынан “Кыргызстан” партиясы эч кимди алдыга салчу эмес эле…Чынбы же калппы?

Канат мырза Мусаевге “апа” болгон адатын коюп, канатына калакалай бергенине бир мандем бардай…Канат мырза, “секретти” сырдашпайлыбы ыя?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу