«Кыргызстан» партиясынын убадаларын эстеп көрбөйлүбү?

Ырас, ушу тапта «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү ЖКда олтурат. А тургай ЖКнын спикеры да ушул партияда. Албетте, ар бир партиянын үгүт иштеринде ураандар колдонулат. Бирок булардыкы эми бир укмуш эле. 2015-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосунда «төрөлгөн ар бир наристеге сүйүнчү акча катары 50 миң сом бербиз» дегендей кеп болгон. Парламенттик шайлоо алдында так ошентип сайрап туруп, бүгүн болсо алакан жайып олтурушат. Дегенибиз, бир ирет «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Алмаз Баатырбеков бир гезитке маек бериптир. Маектешкен журналист так ошол жаңы төрөлгөн наристеге 50 миң сом берүү боюнча суроо берип сураган экен, «эми сиз 50 миң сом берилет деп айтып жатканда кризис болуп кетээрин билген эмеспиз да. Мына төрөлгөн наристеге 4 миц сомдон сүйүнчү берилип атпайбы. Бул да биздин ишке ашырган аракетибиз» деп күү чөп менен оозун сүртүп абалдан чыгыптыр. «Бали, Баатырбеков!» дебеске арга жок, анткени Кыргызстан деген өлкөбүз «Кыргызстан» партиясы кризиске батканча эле кризисте олтурганын булар шайлоо алдында унутуп коюшуптур .Алмаз мырзанын алдаркөсөөчө айткан жообу жакаңды карматат экен ,эй!Ар бир төрөлгөн балага 50 миң сом алабыз деген кур үмүт менен канча жаран»Кыргызстан»партиясына добуш берди экен ?!

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу