Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда туризмди өнүктүрөт

Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик багыттарды өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барат. Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы өткөн аптада Ташкентте өткөн туристтик “Эс алуу дүйнөсү” аттуу көргөзмөгө катышып, бул боюнча макулдашууга жетишти.

Ташкентке туристтик индустриянын 20дан ашуун өкүлдөрү барган. Расмий жолугушууларда өзбек тарапты Өзбекстандын туризмди өнтүрүү комитетинин төрагасы Анвар Шарапов жетектеди.

Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар туризм тармагындагы кызматташуу, анын ичинде Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик кооз жерлерди таанытуу боюнча биргеликте атайын турпакет түзүү маселелерин талкуулашты.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында кыргыз тарап өзбек делегациясын эл аралык «Issyk-Kul ITF 2017» туристтик көргөзмө-жарманкесине чакырды. Иш-чара «Салам, Ысык-Көл — 2017» фестивалынын алкагында өтөт.

Кыргызстан ТИМинин маалыматы боюнча көргөзмөнүн жүрүшүндө тараптар 2 миллион долларлык 200дөй келишимге кол коюшту.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу