Кыргызстан менен Тажикстан тышкы карыздарын төлөөгө кудуреттүү

The Diplomat Борбор Азиядагы кедей өлкөлөр – Кыргызстан менен Тажикстан Кытайга болгон карыздарын төлөөгө кудуретсиз деген пикирлерди четке какты. Басылма ушул күнгө чейин эки мамлекет тең карыз маселелерин жакшы эле башкарып жатканын сандар менен мисал келтирген. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы жазды. Тышкы мамлекеттик карыздын ичинен Кытайга карата Кыргызстандыкы 41, Тажикстандыкы 53 пайызды түзөт. Экономикалык өнүгүү темпи карызды жабууга кудуреттүү деп эсептейт басылма.

Бирок Кытай насыялары АКШ доллары менен берилип жаткандыктан, валюта курстарынын термелүүсүн башкарууда Кыргызстан менен Тажикстандын валюталык резервдери жетишпей калышы мүмкүн. Басылма эки өлкөдө тең экспорттун тартыштыгы башка чет өлкөлүк валюта булагынан кол жуудуруп жатканын белгилеп, карыз алууда жогору тобокелчилик бар экенин эскерткен.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу